Бишкектин Биринчи май райондук соту 2015-жылдын майынын ортосунда гомофобияга каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаранын катышуучуларына кол салган «Калыс» кыймылынын активисттеринин ишин карап баштады. Сот жыйынына Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейне да катышып келди.

Баяндоо кабарчынын атынан жүрөт.

— Биз бул жакка дайыма келип жүрөбүз. А алар болсо дайыма кийинкиге жылдырышат. Мунусунун чимкириги агып, дагы бирөөсү бирдеме болуп! — деп нааразы болууда жабырлануучу ЛГБТ активисттердин жактоочусу Евгения Крапивина.

Түшкө белгиленген сот жыйыны судьянын жоктугунан улам өз учурунда башталбай жатат.

Эки тарап тең — «Калыс» кыймылынын мүчөлөрү менен жабырлануучу ЛГБТ-активисттери — бир бөлмөдө болбоого аракет кылып жатышат. Биринчилер залда отурушат, а экинчилери — далисте жүрүшөт.

Жабырлануучулар тарапта — сот имаратына анча ылайык келбегендей кийинген жигиттер жана ассиметриялуу чач жасалгалуу он чакты кыздар. Бир караганда алардын жаш курагын аныктоо дээрлик мүмкүн эмес.

Азчылыкты түзгөн «калысчылар» залда отуруп, процесстин башталышын күтүп жатышат. Алардын арасында сот жообуна тартылып жаткан эки мүчөсү, жактоочу, коргоо тараптын күбөсү жана биринен ичкиликтин жыты жыттанган эки тарапташы бар.

***

Сот жообуна тартылып жаткандар — «Калыстын» активисти жана «Кыргыз эл жаштар кенеши» кыймылынын башчысы Алмаз Жазыбаев менен эки кыргыз революциясынын тең катышуучусу Таалай Айдаров.

Экөө тең — «Калыстын» активисттеринин 2015-жылдын майында Гомофобия жана трансфобияга каршы күрөшүү күнүнө карата Бишкектин борборундагы жеке кафеде өтүп жаткан иш-чарага кирип баргандыктарынын жалгыз күбөсү болгон видеонун башкы каармандары.

Жазыбаев майрамдык салтанаттын катышуучуларынын бирине күч колдонгон деп айыпталууда. Ал өзү болсо анын бардыгын четке кагып, ага кыздын өзү кол салганын, а ал аны жөн гана түртүп койгонун айтууда.

Алмаз Жазыбаев (ортодо). Видеодон скриншот.
Алмаз Жазыбаев (ортодо). Видеодон скриншот.

Жазыбаев сот алдында процесстин башынан аягына чейин чечпеген калпагынын өңүндөгүдөй ак костюм менен шым кийип отурду.

Сот жообуна тартылып жаткандар кафенин короосунда «токтотуу керек болгон» «бир жыныстуулардын үйлөнүү тою» өткөрүлүп жаткан деген ишеничте. Айтымдарында, алар ал иш-чара тууралуу такси айдоочусунан билишкен.

Айдаров — экинчи айыпталуучу — иш-чара өтүп жаткан кафенин тосмосунан ашып өткөн. Ал анда жөн гана өтүп бара жатканын, ага чейин «Калыс» кыймылы менен тааныш болбогонун жана «абалды жөнгө салып койгусу келгенин» айтууда.

Айыпталуучуларга Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 234-беренеси («Бейбаштык») боюнча айып тагылууда. Бул берене боюнча алар күнөөлүү деп табыла турган болушса, анда эки жылдык мөөнөткө чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

***

Бир сааттан кийин сот процесси башталды.

Катышуучулар сот залына чогулуп башташты. Сол тарабына ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү отуруп жатышат. Алардын арасында активисттер, менеджерлер, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын ийгиликтүү студенттери жана президенттик стипендиянын лауреаты бар.

Күтүүсүздөн Жазыбаев менен Айдаровдун коомдук жактоочусу пайда болду — ал процесстин катышуучуларын сүрөткө тартып баштаган православ активисти Роман Ремнев.

Жабырлануучулар өз коопсуздуктары үчүн аларды сүрөткө тартышын каалабай жатышат — Кыргызстанда гомосексуалдык ориентация тууралуу маалыматтар ЛГБТнын каршылаштары жана милиция тарабынан опузалоолор менен коркутуулардын себеби болуп калышы мүмкүн.

Алгач алар беттерин жаап жатышкан, кийин баары биргеликте аларды камерага тартып жаткан Ремневдин дарегине ортоңку манжаларын көрсөтүп башташты.

— Мен сизди чиркөөдөн көргөндөй болуп жатам, — дедим мен Романга.

— Ооба, мен орустун православ кишисимин. Сиз дагы чиркөөгө барасызбы? — деп жооп берди активист кайра суроо узатып.

— Майрамдарда гана.

«Калысчылардын» бири жүзүн залга буруп, арткы катарда отургандарды көрсөтүп: «Аа, канча көк кыргыз!», деди.

«Силер өзүңөр көксүңөр. Тынч болгулачы!» — деп нааразычылыгын билдирди анын артында кара көз айнек тагынып отурган кыз.

Ошол маалда арткы катарларга блокнотторду алып алышкан он чакты практикант юрист жайгашты. Үтүктөлгөн көйнөк жана кара көк желетке кийген жигит коңшу катарда отурган кыздардын ориентацияларына кызыгып, ошол эле маалда өзүнө көңүл бурдуртууга аракет кылып аларды улам-улам карай берди.

— Эмне карап атасыңар? — деп нааразычылыгын билдирди активисттердин бири.

LGBT-KAlys
Иш-чарага кийлигишүү маалындагы чак-челекей. Видеодон скриншот.

Сот тил маселесин тактап баштады — сот жообуна тартылып жаткандар орусча түшүнүшпөйт, жабырлануучулар кыргызча билишпейт.

— Силерде котормочу барбы? Өзүңөр тапкан жоксуңарбы? — деп сурады судья жабырлануучулардын жактоочусунан.

— Ооба, бирок мыйзам боюнча күбөлөр кайсыл тилде сүйлөшсө, ошол тилде көрсөтмө беришет. Котормочу — биз үчүн абдан кымбат, биздин ага мүмкүнчүлүгүбүз жок, — деп жооп берди ал.

Судья кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн гана көрсөтмөсүн угуу чечимин кабыл алды, калган он күбө «процессти үзгүлтүккө учуратпоо» үчүн кийинки жыйынга келиши керек болот.

Процессуалдык кодекске ылайык, талаш-тартыштын катышуучулары котормочунун кызматтарын пайдалана алышат, бирок соттордо өзүнчө андай штат жок. Өткөнкү жыйында айыптоочу тараптын күбөлөрүнүн бири которуп берген болчу.

Судья практиканттар ресурсун пайдаланууну чечти.

— Ким которуп берип турат?

— Анчалык татаал эмес болсо, — деди студент кыздардын бири.

Жыйынтыгында которуп берүүгө советтик мектеп окуучусунукундай торлонгон жакалуу кичинекей кара көйнөк кийген кызды чакырышты.

— Канча көк, мында баары жайында эмес! — деди «калысчылардын» тарапташтарынын бири тынчыбастан.

***

ЛГБТ-активисттеринен күбөлөр көрсөтмө берип башташты, бирок судья жашап жаткан дарегин так айтышы керектигин өтүнгөндө унчукпай калышты. Алар келечекте артынан түшүүлөр болушу мүмкүн деп жашаган үйлөрү менен батирлеринин номурларын айтууну каалашкан жок.

Бирок судья жашаган жерлеринин толук айтылышы керектигин айтып туруп алды. Ал ортодо сот жообуна тартылып жаткан Айдаров күбөлөр айтып жаткан бардык нерселерди, анын ичинде алардын даректерин да көңүл коюп жазып алып жатты.

Алгачкы күбө Нурлан — (аты өзгөртүлдү) түстүү алкактуу көз айнек тагынган — эл аралык уюмдардын биринде менеджер болуп иштейт.

«2015-жылдын 17-майында мен досторумдун баарын ошол иш-чарага чакыргам. Биз ал жакта отурганда бул жарандар келип, чабуул башташты. Мен мушташ баштала турганын түшүнүп, ресторандын имаратына кирип кеткем. Кийин короодо чак-челекей башталганын уктум», — деди ал.

Прокурор Нурландын залга отургандардын арасында ошол күндө кафеде жүргөндөр болсо көрсөтүүсүн өтүндү. Күбө тосмодон ашып өткөн Айдаровду көрсөттү.

Таалай Айдаров. Видеодон скриншот.
Таалай Айдаров. Видеодон скриншот.

Бирок Нурлан «калысчылардын» кафенин короосуна кантип киргендигин жана кыздын кантип жыгылганын так билбестигин кошумчалады.

«Алар: «Аларды өлтүрүш керек. Кыргызстанда мындай жок, кыргыздарда мындай болгон эмес. Силер бизди уят кылып жатасыңар!», деп кыйкырышты» — деди күбө.

Иште кафенин дарбазасындагы бекиткичтин кантип сынгандыгынын так эместиги жетишпеген элемент болууда — анын кол салгандар тарабынан же башка кандайдыр бир жол менен сынганын эч ким так айтып бере албай жатат.

«Анан жергиликтүү милиция келди. Бизди Биринчи май райондук РИИБсине жеткиришти. Мен ал жакта түнкү саат 11ге чейин отурдум. Милиционерлер бизди кол салгандар менен бир бөлмөгө калтырып кетип калышты. Ал жакта биздин ортобузда сөз менен жаакташуу башталды», — деп улантты Нурлан.

Сөзгө «калысчылардын» жактоочусу аралашып, Нурланга суроо берип баштады:

— Сиз «Лабристин» эмне болгон уюм экенин билесизби?

— «Лабрис» — бул гейлер менен лесбияндардын укуктарын коргогон укук коргоо уюму.

— Сиз гейлерге карата кандай көз карашта экендигиңизди айтып бересизби? Алар чынында эле бизди уят кылып жатышабы?

— Жок, анткени мен аны уят деп эсептебейм.

— Менде башка суроо жок.

***

Кийинки күбө — Тимур (аты өзгөртүлдү) — гуманитардык илимдер факультетинин кадимки аспирантын эске салды. Ал боз бешмант кийип, анча коюу эмес мурут коюп алган.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясында адамдар эркин чогула алышат деген берене бар. Биз 17-майда ал майрамды белгилеп отуруп, бири-бирибизге жакшы мамилелер менен бөлүшүү үчүн чогулганбыз. Башка максат болгон эмес, спирт ичимдиктер болгон эмес. Жаман эч нерсе кылган эмеспиз», — деди Тимур.

Бирок суроо-жооп бөлүгүндө ал адашып баштады — алгач жабырланган кызды сабап салгандыктарын, а Айдаров тосмону ашып өткөнүн айтты. Бирок кийин тактоо иретинде берилген суроого жооп берип жатып жеке өзү ал эки окуяны тең көрбөгөндүгүн мойнуна алды.

«Айдаровдун башында электр зымы болгон. Ал бир аз мас болчу, ошондуктан биз ал зымга тийип алат деп коркконбуз. Биз анын кулап кетиши ыктымалдыгынан чочулап, анын түшүшүн өтүндүк, бирок ал: «Мен силерди жазалайм», деп кайталап жатты!», — деди Тимур.

Таалай Айдаров тосмодо. Видеодон скриншот.
Таалай Айдаров тосмодо. Видеодон скриншот.

Ал ортодо Жазыбаев жабырлануучулардан кимдир-бирөө менен сүйлөшүүгө даяр экендигинин белгилерин көрсөтпөстөн унчукпай отурат. Айдаров тескерисинче, процесске активдүү аралашып, күбөлөргө суроо берүүдө.

— Айтсаңыз, сиз прокурорго менин тосмодон ашып өткөнүмдү айттыңыз… Бери караңыз! Анан мен ал дарбазаны ичинен ачканымды айттыңыз. Сиз бул сөздөрдү кайра аласызбы? — деп сурады күбө Айдаровдон.

— Албайм, — деп жооп берди Тимур.

— Бул сиздин укугуңуз.

Судья колун жаагына таянып, диалогго ээригип байкоо салып отурат. Прокурор уюлдук телефонуна берилип кетти. Практикант-котормочу кыз айыпталуучулардын жанындагы отургучта ойдолоп отурду.

— Ордуңарга отургула! — деп корс этти практикант кызга залдагы «көктөрдүн» санына нааразы болуп жаткан «калысчы».

***

Айыптоо тараптын кийинки күбөсүнүн пайда болушу процессти кыйла жандантты. Бийик бойлуу, кара чачтуу трансгендер кыз трибунага ишенимдүү басып келди. Ал ага суроо менен кайрылган судьянын, прокурордун жана жактоочунун көзүнө тик карап жатты.

Күбө жабырлануучу кыздын жыгылып жатканын жана анын жанында Жазыбаевдин турганын гана көргөнүн, башканы ишенимдүү айта албастыгын айтты.

«Калысчылардын» коргоочусу күбөгө суроо берип баштады, аны иш-чаранын «үйлөнүү-үлпөт» тематикасы кызыктырды:

— Анда кандай музыка жаңырып жатты эле?— деп сурады жактоочу.

— Нормалдуу эле музыка болгон, — деп жооп берди күбө.

— Мендельсондун маршы болду беле?

— Жок, ал болгон эмес.

— Үстөлдө эмнелер болгон?

— Мөмө-жемиштер турган.

***

Көрсөтмө берүүгө жетишкен «калысчылардын» жалгыз күбөсү — 2010-жылдагы революциялык комитеттин төрагасы Марат Өскөнбаев.

Ал көрсөтмө берип жаткан маалда колун ары-бери шилтеп, окуя тууралуу абдан эмоционалдуу айтып берип жатты. Өскөнбаевдин өзү күзөт фирмасында иштейт, Бишкектин четинде жашайт. Ал гомосексуалдуулукту — «оору, а аларды (гейлерди) аёо керек» деп эсептейт.

Өскөнбаев ошол күнү эртең менен ага кайсыл бир жакта эркектердин үйлөнүү тою пландалып жаткандыгын айтышканын билдирди.

«Мен эгер ал жакка өспүрүмдөр барып калышса өзгөчө кырдаал болуп кетиши мүмкүндүгүн, ошондуктан ошол жакта болушум керектигин айттым. Мен ал жакка ошентип барып калгам. Анан мен «Кырк Чоронун» балдары менен жолуктум, биз 20 же 30 киши болгонбуз», — деди «калысчылар» тараптын күбөсү.

«Калысчылар» иш-чарага кийлигишкен маалдагы чак-челекей. Видеодон скриншот.
«Калысчылар» иш-чарага кийлигишкен маалдагы чак-челекей. Видеодон скриншот.

Анан Өскөнбаев иш-чарага кийлигишкенге чейин ага кантип көз салып тургандыктарын айтты.

«Анда шарлар илинип, музыка ойноп жаткан. Биз короодо эмне болуп жатканына көз салып турдук. Анда жигиттер менен кыздар кучакташып, кирип-чыгып жүрүштү. Анда эки көк шар илинип, эки эркек өбүшүп жаткан», — деп улантты ал.

Ошол күнү Өскөнбаев күзөт кызматкеринин кийимин кийип жүргөн, айтымында, ал ошондуктан ызы-чууга аралашпоого аракет кылган.

Күбө көрсөтмө бергенден кийин ага «калысчылардын» жактоочусу суроо берип баштады.

— Сиз киргенде дарбаза ичинен ачык беле? — деп сурады жактоочу.

— Ооба.

— Анда кандай музыка ойноп жатты эле?

— Үйлөнүү тоюнда ойнолчу Мендельсон маршы.

— Сиз ичине киргенде эркектер менен аялдарды көрдүңүз беле?

— Ооба.

— Ошол маалда алар кандай абалда эле?

— Алар шарап ичип жатышкан, ошондой эле анда анашадан чыккан түтүн болгон.

***

Өскөнбаевдин көрсөтмөсүнөн кийин судья процессти аяктады. Жазыбаев менен Айдаров үй камагында калышты — мындай баш коргоо чарасы алар үчүн биринчи отурумда кабыл алынган болчу.