Кыргызстандын мектеп окуучулары сыноо иретинде жалпы республикалык тестирлөөнү онлайн тапшыра алышат. Учурда окуучулар testing.kg сайтында төрт сабак боюнча тест тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Калган сабактар боюнча тесттер марттын ортосуна чейин жайгаштырылат.

Билим берүүнү жана окутуунун ыкмаларын баалоо борбору мектеп окуучулары үчүн онлайн сыноо тестин иштеп чыкты. Анын жардамы менен балдар өз билимдерин текшерип, жыйынтыктоочу жалпы республикалык тестирлөөгө даярдана алышат.

«Тестирлөөнүн жол-жобосу менен канчалык көп окуучу тааныш болсо, аларга тестирлөөнүн өзүнө катышуу ошончолук жеңил болот. Сыноо тести өз күчүн баалап, алсыз жактарын аныктоого мүмкүндүк берет», — деди Билим берүүнү жана окутуунун ыкмаларын баалоо борборунун компьютердик тестирлөө боюнча адиси Алексей Шибанов Kloop.kgге курган маегинде.

Түзүмү, дизайны жана болжолдуу тапшырмалары жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырып келген жалпы республикалык тестирлөөнүн тапшырмалары менен дал келет.

Учурда www.testing.kg сайтында болгону төрт гана сабак жеткиликтүү: математика, кыргыз тили, орус тили жана тарых. Баалоо борборунун өкүлү Kloop.kgге курган маегинде предметтик тесттерди сайтка марттын ортосуна чейин жайгаштыра тургандыктарын айтты.

«Болжол менен марттын ортосунда дээрлик бардык сыноо тесттери сайтта болот. Балким бар апта кийинчерээк болор» , — деп жооп берди Шибанов.

Ал ошондой эле окуучулар сыноо тесттин тапшырууда алган баллдарын биле албай тургандыктарын, бирок туура жана туура эмес жооптордун санын көрө ала тургандыктарын кошумчалады.

Жалпы республикалык тестирлөө

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аны Билим берүүнү жана окутуунун ыкмаларын баалоо борбору уюштурат. Тест орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларда окуусун улантуу жөндөмдүүлүктөрүн текшерет.

Ал жооптордун көптөгөн варианттарына ээ суроолор форматында түзүлүп, үч бөлүктөн турат: математикалык, оозеки-логикалык жана эне тилинин практикалык грамматикасы. Абитуриенттер негизги бөлүгүнөн сырткары кошумча билимди талап кылган адистиктер боюнча окууга тапшыруу үчүн дагы алты предметтик тесттерди тапшырышат.

ЖРТдан алган жогорку баллдар абитуриенттердин жогорку окуу жайларда бекер окуусуна мүмкүндүк берет.

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү тестирлөөдөн 17-майдан 21-майга чейин, өлкө боюнча орто мектептердин базасында түзүлө турган тестирлөө борборлорунда өтүшөт. Тестирлөөгө катталуу 15-февралда башталган, ал 7-апрелге чейин созулат.