Forbes журналы кезектеги жолу дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесин жарыялады. Сап башына бул жолкусунда да Билл Гейтс жайгаштырылган. Дүйнө боюнча бардык ишкерлер үчүн өткөн жыл ийгиликсиз болгону менен Кремний өнөөнүндөгү компаниялардын башчылары гана акчаларын жоготушкан эмес — былтыр баарынан да Марк Цукерберг көп акча иштеп тапкан.

Forbes өзүнүн жыл сайын чыкчу дүйнөнүн миллиардерлеринин 30чу тизмесин жарыялады. Бул жолкусунда тизмеге 1810 киши (өткөн жылкыга салыштырганда 16 кишиге аз) киргизилген. Алардын жалпы байлыгы 6.48 триллион АКШ долларына барабар, бул 2015-жылкы тизмедеги адамдардыкынан 570 миллиард долларга аз.

Дүйнөнүн эң бай адамдарынын алдыңкы ондугу
Дүйнөнүн эң бай адамдарынын алдыңкы ондугу

Быйыл былтыркыга салыштырмалуу тизмеде болгону 16 гана кишиге аз болгону менен чынында андан 221 киши чыгып калган. Алардын орду өткөн жыл ичинде бир миллиард доллар иштеп тапкан жаңы 198 адам менен толукталган.

Баарынан да Кошмо штаттарда миллиардерлер көп — анда алардын саны 540 адамды түзөт. Байлыгы 1 миллиард АКШ долларынан ашкан байлардын саны боюнча экинчи орунда Кытай, үчүнчүдө Германия.

МИЛЛИАРДЕРЛЕР АКЧАЛАРЫН ЖОГОТУП ЖАТЫШАТ

Быйыл 2010-жылдан бери биринчи жолу дүйнөдөгү миллиардерлердин акчасынын орточо эсеби төмөндөгөн — эгер былтыр Forbesтун тизмесиндеги ар бир бай адам орточо эсеп менен 3,9 миллиард долларга ээ болсо, ал сан быйыл 3.6 миллиард долларды түзгөн.

Былтыр Карлос Слим Элу 27 миллиард АКШ долларын жоготкон
Быйыл Карлос Слим Элу 27 миллиард АКШ долларын жоготкон

Жалпысынан былтыркы жыл аралыгында тизмедеги 892 адам өз акчаларын жоготушкан. 2010-жылдан 2013-жылга чейин Forbesтун тизмесинин көч башында болгон мексикалык ишкер Карлос Слим Элу бир жыл ичинде 27 миллиард доллар жоготкон. Эгер 2015-жылы ал тизменин экинчи сабында болгон болсо, быйыл телекоммуникациялык магнат 50 миллиард доллар байлыгы менен төртүнчү орунга түшкөн.

КРЕМНИЙ ӨРӨӨНҮНДӨГҮ КОМПАНИЯЛАРДЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРЛОРУ КӨП АКЧА ИШТЕП ТАБЫШАТ

Өткөн жыл Forbesтун тизмесиндеги ишкерлердин көбү үчүн оор жана ийгиликсиз болгонуна карабастан 501 миллиардер өз байлыктарын көбөйтө алышкан. Баарынан Кремний өрөөнүндө иштеген компаниялардын башкы директорлору көп акча иштеп табышкан.

Өзгөчө өткөн жылы Марк Цукерберг айырмаланган. 2015-жылы эч ким андан көп акча иштеп тапкан эмес — Facebookтун негиздөөчүсү жана башкы директорунун байлыгы 11,2 миллиард долларга көбөйгөн. Өз кезегинде бул анын тизмеде 16-орундан 6-орунга чейин жогорулашына мүмкүндүк берген. 2015-жылдын декабрында Цукерберг байлыгынын 99 пайызын кайрымдуулукка берүүнү убадалаган.

2015-жылы баарынан да Марк Цукерберг көп акча тапкан
2015-жылы баарынан да Марк Цукерберг көп акча тапкан

Иштеп тапкан акчаларынын көлөмү боюнча Forbesтун тизмесинде Facebookтун башчысынан кийин Amazonдун башчысы Жеффу Безосу турат, ал бир жыл ичинде 10,4 миллиард АКШ долларын иштеп таап, тизмеде 15-орундан 5-орунга чейин көтөрүлгөн.

Amazonдун негиздөөчүсү жана башчысы Жефф Безос
Amazonдун негиздөөчүсү жана башчысы Жефф Безос

Быйыл Forbesтун тизмесиндеги сап башына кайрадан Билл Гейтс жайгаштырылган, ал дагы Кремний өрөөнүнүн өкүлү. Microsoftттун негиздөөчүсү жана мурдагы башкы директору Гейтс иштен 2008-жылы эле четтегени менен дагы деле перспективдүү компанияларга активдүү акча салып, дайыма өзүнүн жаңы миллиарддарын иштеп таап келет. Microsoftтун Гейтс ээлик кылган акцияларынын 3 пайызы өткөн жылы ал иштеп тапкан байлыктын болгону 20 гана пайызын түзгөн. Калгандарынын баары — анын инвестицияларындагы үлүштүк кирешелер. Аны менен катар Гейтс өзүнүн меценаттык ишмердүүлүгү менен да белгилүү: жалпысынан ал кайрымдуулукка 31 миллиард доллардан ашык каражат жумшаган.

Кремний өрөөнүндөгү башка миллиардерлердин арасында — Ларри Эллисон 7-орунда (Oracleнин негиздөөчүсү), Ларри Пейдж менен Сергей Брин 12чи жана 13-орундарда (Googleдун негиздөөчүлөрү жана дүйнөдөгү эң кымбат Alphabet компаниясынын учурдагы башчылары), Стив Балмер 26-орунда (Microsoftтун мурдагы башкы директору), Жек Ма 33-орунда (Alibabaнын негиздөөчүсү), Майкл Делл 35-орунда (Dellдин негиздөөчүсү), Стив Жобстун мурдагы аялы Лаурин Пауэлл 44-орунда жана Tesla Motors менен SpaceXтин башчысы Илон Маск 94-орунда. Жогоруда аты аталгандардын көбү үчүн өткөн жыл ийгиликтүү болгон.

Алдыңкы технологиялык компаниялардын башчылары миллиардерлердин тизмесине кирбей калышкан. Сатья Наделла дагы (Microsoftтун башкы директору), Сундар Пичай дагы (Googleдун башкы директору), Тим Кук дагы (Appleдин башкы директору), Марисса Майер дагы (Yahooнун башкы директору) азырынча миллиардерлер эмес окшойт.

САЯСАТЧЫЛАР

Республикачылар партиясынан Кошмо Штаттардын президенттигине ат салышып жаткан Дональд Трамп кезектеги жолу Forbesтун тизмесине кирген. Ал 4,5 миллиард АКШ доллары менен өткөн жылы жайгашкан тизмедеги 405-орундан 324-орунга чейин жогорулаган. Трамп шайлоо алдындагы өнөктүгүнө болгону 18 миллион доллар сарптаган (ошол эле маалда ал андан көбүрөөк акча топтогон — 25 миллион).

Дональд Трамп АКШнын президенттигине ат салышууда
Дональд Трамп АКШнын президенттигине ат салышууда

Орусиялык саясатчылар Forbesтун тизмесинде америкалык саясатчылардан жогору жайгашкан. Орусиянын «Жарандык платформа» партиясынын негиздөөчүсү жана өлкөдөгү 2012-жылкы президенттик шайлоонун катышуучусу Михаил Прохоров дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде 151-сапка жазылган. Анын байлыгы 7.6 миллиард долларды түзгөн: ал дагы тизмеге кирген бай адамдардын көбүндөй эле өткөн жылы акчасын жоготкон.

ОРУСИЯНЫН МАМЛЕКЕТТИК БУЙРУТМАЛАРЫНЫН ПАДЫШАЛАРЫ

Forbesтун версиясы боюнча түзүлгөн эң бай адамдардын тизмеси жарыялангандан бир апта мурда журналдын орусиялык редакциясы «Мамлекеттик буйрутмалардын падышалары» деген материалын жарыялаган. Жыл сайын чыгарылып келген ал тизмеде стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кайсыл компаниянын эч кандай сынаксыз эле Орусия Федерациясынын бюджетинен көп акча алгандыгы каралат.

*Forbesтун орус версиясынын сайтынан алынды
*Forbesтун орус версиясынын сайтынан алынды

Анын версиясы боюнча, «мамлекеттик буйрутмалардын падышасы» Аркадий Ротенберг болгон. Анын «Стройгазмонтаж» компаниясы (Ротенберг анын акцияларынын 100 пайызына ээлик кылат) өткөн жылы болжол менен орусиялык мамказынадан 7 миллиард АКШ долларын алган. Forbesтун тизмесинде болсо Ротенберг 300дөн ашык позицияга төмөнөгөн, 1324төн 1694кө чейин. Анын учурдагы байлыгы 1.1 миллиар долларды түзөт.

«Мамлекеттик буйрутмалардын падышасы» тизмесинде андан кийин Леонид Михельсон турат. Америкалык Forbesтун версиясы боюнча, өткөн жылы ал жоготкондон да көбүрөөк акча иштеп таап, 105-орундан 60-орунга чейин көтөрүлгөн. Анын учурдагы байлыгы 16.1 миллиард долларга бааланган, ал тизмедеги эң бай орусиялык болуп эсептелет.

Андан ары мамлекеттик буйрутмалардын тизмесиндеги саптарга 12.3 миллиард долларлык байлыгы бар Геннадий Тимченко жана 1,64 миллиарддык байлыкка ээ Кирилл Шамалов жазылган.

«Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун» башчысы Алексей Навальный «мамлекеттик буйрутмалардын падышалары» тизмесин анализдеп чыгып, төмөндөгүдөй жыйыныткка келген: алдыңкы бештиктеги төрт киши Владимир Путиндин жакын достору, а бирөөсү (Шамалов) Орусия Федерациясынын күйөө баласы болуп эсептелет.