Орусиянын Коммунисттер партиясынын Москва шаардык комитети Орто Азиядан барган мигранттарга карата көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Ага төрт жашар кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү себеп болууда — ал кылмышты жасагандыгын Өзбекстандан барган мигрант аял мойнуна алган.

Орусиянын Коммунисттик партиясынын депутаттары Борбордук Азиянын Казакстандан башка өлкөлөрүнүн жарандарына визалык режим киргизүүнү каалап жатышат. Андан сырткары коммунисттер Орусиянын аймагында кылмыш кылган чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө өмүр бою тыюу салууну сунушташууда.

Коммунисттер партиясынын Москва шаардык комитети stopmigration.kprf.ru сайтын ишке киргизип, ага «Чет өлкөлүк жарандардын Орусия Федерациясындагы укуктук абалы тууралуу» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жарыялады.

«Жакын жайгашкан башка өлкөлөрдүн, мисалы, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары жумушка орношууга уруксат кагазын же Орусияга виза талап кылынбаган тартипте келген чет өлкөлүктөр үчүн каралган атайын эрежелер менен өз алдынча патент алышат», — деп жазылган мыйзам долбоорунун киришүү бөлүгүндө.

Аны менен катар коммунисттер «орус жарандыгын кандай негиздерде алгандыгы белгисиз болгон» мурдагы мигранттар «баңгизатын сатууга байланышкан кылмыштуу топтордун негизин» түзүшөт деп эсептешет.

Буга байланыштуу партия мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарга соода кылуу орундарын берүүгө жоопкерчилик киргизүүнү, Орусияда «ваххабизмге» тыюу салууну, ошондой эле курал менен кармалган чет өлкөлүктөрдү Орусиядан чыгарууну сунуштап жатат.

Төрт жашар кыздын өлтүрүлүшү

Сайтты түзүүгө төрт жашар кыздын башы кесилип, мыкаачылык менен өлтүрүлүшү себеп болду — кылмыш кылгандыгын Өзбекстандан барып, ал кызды багып иштеп жүргөн аял мойнуна алган. Сайттын түзүүчүлөрү ал жерге колуна адамдын башын кармап, паранжа кийген аялдын тыюу салынган белги ичиндеги коллажын жарыялашкан.

«Биз мыйзамсыз миграция көйгөйүн чечүү социалисттик түзүлүштө гана, бирдиктүү экономикалык системасы менен бирге СССРди калыбына келтирүү менен мүмкүн деп эсептейбиз. Аны менен катар биз Орусияны тартипке келтирүү боюнча ыкчам чаралардын азыр көрүлүшү керектигин түшүнүп турабыз», — деп белгилешкен коммунисттер.

29-февралда Москва полициясы «Октябрьское поле» метро станциясынын жанынан колунда кичинекей кыздын кесилген башын көтөрүп жүргөн Өзбекстандын жаранын кармаган болчу.