Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери спутникалык каргылардын жардамы менен илбирстердин жылып жүрүүсү менен активдүүлүгүн изилдешет.

Биринчи спутникалык каргы Мамлекеттик Сарычат-Эрташ жаратылыш коругундагы илбирстин ургаачыларынын бирине 2015-жылдын октябрында эле тагылган.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери каргыларды расмий түрдө 2016-жылдын 2-мартында тааныштырышты. Алардын айтымдарында, спутникалык каргы жаныбарлардын активдүүлүгүнө байкоо салууга мүмкүндүк берет.

«Бул алардын таралуу аймагын жана башка жаныбарлар менен болгон өз ара аракеттерин аныктоого мүмкүндүк берет», — деди Kloop.kgге мамагенттиктин басма сөз катчысы Салайдин Камалдинов.

Адистер илбирстин кайсыл жерде экендигин аныктап, анын изи менен барып жаныбардын жүрүш-турушун изилдешет. Топтолгон маалыматтар жоголуп бара жаткан жаныбарларды сактап калуу үчүн зарыл, азыр өлкөдө алардын саны 300дөн ашык.

«Алар (адистер) жаныбарлардын аймакты кантип бөлүшүп, кышты кантип өткөрүп жана тамакты кантип таап жей тургандыктарын аныкташат. Башка жаныбарлардан коруу үчүн балким алар үчүн корук кылып же башка жерге алып баруу керектир. Каргылар зарыл болгон учурда адамдардын кийлигишип же жаныбарларга жардам берүүсү үчүн керектүү маалыматтарды чогултууга мүмкүндүк берет» , — деп түшүндүрдү Салайдинов.

Спутникалык каргыларды тагуу үчүн адистер капкандарды коюп, жаныбарларды бир канча убакытка уктатышат. Операция толугу менен бир саатка жетпеген убакта аяктайт.

Илбирстердин активдүүлүгүн изилдөө боюнча долбоордун адиси Заир Кубанычбеков Kloop.kgге каргылар жаныбарлардын активдүү жашоо мүнөзүн өткөрүүсүнө тоскоол болбостугун жана аларга эч кандай зыян келтирбестигин айтты.

«Каргылардын салмагы 600 грамм, илбирстин активдүүлүгүнө таптакыр тоскоол кылбайт, аккумуляторлору 20 айга чейин жетет», — деди ал.

Каргыларды тагуу боюнча экинчи операцияны апрелде өткөрүү пландалууда. Ошондой эле мамагенттиктен жакынкы убактарда тоо эчкилер менен карышкырларга да каргыларды такканы жаткандыктарын билдиришти.