Компания алгач иштөөгө жараксыз болгон соргучтарды сатып алып, андан соң мамлекеттик сатып алуулар сайтына тендер жарыялабастан туруп экинчи жолу кошумча жабдууларды сатып алган. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул боюнча кылмыш ишин козгоду.

2012-жылы «Кыргызалтын» ишканасы «ЭнКО» казак компаниясынан соргучтарды сатып алган, бирок алар иштөөгө жараксыз болуп чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы компания кийин «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамды бузуу менен кошумча жабдууларды сатып алганын билдирди.

«Жооптуу адамдар Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамдын талаптарын бузуп, «Кыргызалтын» ААКсынын кызыкчылыктарына карабастан эле тендер өткөрбөй туруп 1,2 млн. сомго кошумча жабдуу сатып алышкан», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Атайын кызматтагылар компаниянын жабдуулар сатылып алынган өкүлчүлүгү учурда жабык экенин билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, натыйжасыз сатып алуу ишканага зыян келтирген, анткени ал жабдуулар учурда пайдаланылбай турат.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Коммерциялык же башка уюмдардын жумушчуларынын кызмат абалдарын кыянат пайдалануусу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Кыргызалтындын» басма сөз кызматы Kloop.kgге кийинчерээк түшүндүрмө берүүнү убадалап, бирок кийин байланышканыбызды жеткиликсиз болуп чыкты.

«Кыргызалтын» ишканасы

«Кыргызалтын» ААКсы — алтын казуу менен алектенген мамлекеттик ишкана. Ал өлкөдөгү алтындын 97 пайыздан ашыгын чыгарат жана кымбат баалуу металл өндүрүү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен үчүнчү орунда турат.

Ишкана Кыргызстанда 1992-жылдан тарта мамлекеттик концерн катары иштеп баштаган. 5 жылдан кийин ал «Кыргызалтын» акционердик коому болуп  өзгөртүлгөн.

Учурда коомдун курамына комбинаттар, кендер, автотранспорттук жана курулуш ишканалары, медициналык борбор, санаторий, мейманкана жана бир катар дүкөндөр кирет.

«Кыргызалтын» ААКсы канадалык  «Centerra Gold» алтын өндүрүү компаниясы менен «Алтынкен» ЖЧКсы тоо-кен казуу компаниясында үлүштөргө ээ.