Улуттук банк акыркы жети айдан бери биринчи жолу сомдун курсун кармап туруу үчүн резервдеринен акча сарптабастан, тескерисинче 9 млн. АКШ долларын сатып алды.

Улуттук банк 2-мартта 8 млн. 955 миң АКШ долларын сатып алды. Акыркы интервенцияга чейин банк сомдун курсун кармап туруу үчүн чет элдик валютаны сатып гана иштеп турган.

Экономист Александр Хвандын айтымында, бул базар үчүн «жакшы белги».

«Улуттук банк көбүнчө базардагы абалды баалап, базардагы суроо-талапка жараша аракет кылат. Эгер интервенция фактысын бааласак, анда анын валютаны сатып алуу же сатуу экендиги маанилүү эмес, Улуттук банк дайыма чыңалууну жоюуга багытталган, бул жакшы. Өлкөдөгү экономикалык абал жагынан алып караганда бул бирин-серин аракеттерди тенденция деп эсептөөгө болбойт, бирок базар үчүн жакшы белги», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Анын пикиринде, акыркы кездери экономикалык операцияларды жүзөгө ашырууну кыйындаткан улуттук валютанын жетишсиздиги пайда болду.

«Валюта базарында долларга болгон суроо-талап кыскарды жана ал биринчи кезекте Улуттук банктын базарга бир аз сом кошуусуна, экинчи жагынан валютанын резервин жогорулатуусуна мүмкүндүк берди», — деди Александр Хван.

Экономист Искендер Шаршеев долларга болгон суроо талаптын төмөндөөсү менен улуттук валютанын бекемделишин «убактылуу көрүнүш» деп атады.

«Азыр бир нерсени алдын ала айтуу туура эмес, анткени долларга болгон суроо-талаптын төмөндөөсү — бул ишкердик активдүүлүккө байланышкан убактылуу көрүнүш. Негизи жазга карата суроо-талап азаят. Ошондуктан валюта базарындагы абал ар кандай болушу мүмкүн», — деди Искендер Шаршеев.

2015-жылдын төртүнчү кварталындагы доллардын секириги жана валюта базарынын айланасындагы ажиотаж Улуттук банктын өткөн жылда эле 35 интервенция жасашына алып келди. Банк сомдун курсун кармап туруу үчүн коммерциялык банктарга чет элдик валютаны саткан.

Жыл башынан бери банк 77,4 млн. АКШ долларына 17 интервенция жасады. Эреже катары интервенциялар үчүн өлкөнүн резервдик валюталары пайдаланылган.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акыркы брифингде жыл башынан бери сомдун курсу 2,65 пайызга бекемделгенин билдирген. Бүгүн доллардын сомго карата расмий курсу 73,01 сомду түздү.