Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имаратындагы өрттөн сегиз киши жабыркады, алардын алтысы ооруканага жеткирилди. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарынан чыккан жалын себеп болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкектеги имаратында өрт 4-март күнү кечинде болду. Тез жардам станциясынан билдиришкендей, анда сегиз киши истүү газга ууланышкан.

«Сегиз киши жабыркаган, алардын алтысы №4 шаардык ооруканага жеткирилишти, экөөсүнүн абалы оор, калгандарынын абалдары — орточо оор деп бааланууда», — деди тез жардам кызматынын дарыгери.

Сүрөт: КирТАГ
Сүрөт: КирТАГ

Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрттүн чыгышына зымдардан чыккан жалын себеп болгон.

«Электр зымдарынан чыккан жалын себеп болгон, эч кандай жардыруучу зат болгон эмес», — деп жазды «КирТАГ» маалымат агенттиги УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айткандарын.

«Заноза» интернет сайты билдиргендей, болжолдуу түрдө өрт чыккан жер тергөө абагы болуп эсептелет.

Башкы сүрөт: K-News