Аскердик прокуратура «Фрунзе +» соода борборунун 100дөн ашык ижарачысынын акчаларын алдап алууга айыпталып жаткан УКМКнын кызматкеринин алдамчылык ишин тергеп баштайт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Фрунзе +» соода борборунун ижарачыларынын кайрылуусунан кийин өз кызматкери Мирбек Муканбетовду жумуштан алды.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов кызматтык териштирүүнүн материалдары ал иш менен алектене турган Аскердик прокуратурага берилгенин билдирди.

3-мартта ижарачылар маалымат жыйынын өткөрүшүп, «Фрунзе +» соода борборунун жетекчиси болгон Муканбетов алдоо жолу менен депозит катары акчаларын алып алгандыктарын билдиришкен.

«Биз анда бир жылга жакын убакыт иштегенбиз, кетип жатканда салган акчаларыбызды кайтарып беришин талап кылдык. Бирок Муканбетов аларды кайтарып бергиси келбей, кайсыл жакка кайрылсаңар ошол жакка кайрылгыла, эч нерсе кыла албайсыңар деп койду», — деп жазды «Кабар» маалымат агенттиги жабырлануучу Зарина Осмонованын айткандарын.

УКМК Муканбетовдун орган кызматкери болуп туруп, ошол эле маалда кантип бизнес менен алектенүүсүнө мүмкүн болгонун тактап жатат.

Ижарачылар чара көрүү өтүнүчтөрү менен УКМКга бир нече жолу кайрылгандыктарын, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын кошумчалашкан.

Сулайманов жабырлануучулардан арыз быйыл гана келип түшкөнүн, демек, кайрылуу болгондон кызматкердин жумуштан алынышына чейин үч айга жакын убакыт өткөнүн билдирди.

«Арыз 2016-жылы келип түшкөн, тиешелүү жол-жоболор өткөрүлүп жаткан», — деди ал.