Эгер «Энтузиаст» дачалык кыштагынын аймагындагы таштанды төгүү жайына байланышкан маселе чечилбесе, Бостери айылынын жашоочулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында митинг баштай тургандыктарын убадалашты.

Активист Юлия Барабина Kloop.kgнин журналисттерине Бостери айылындагы жергиликтүү таштанды төгүү жайы — жагымсыз жыт жана антисанитария — жакын жайгашкан «Энтузиаст» дачалык кыштагынын жашоочуларына ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын билдирди.

(function(d, s, id) { var js, fjs = d.getElementsByTagName(s)[0]; if (d.getElementById(id)) return; js = d.createElement(s); js.id = id; js.src = "//connect.facebook.net/ru_RU/sdk.js#xfbml=1&version=v2.3"; fjs.parentNode.insertBefore(js, fjs);}(document, 'script', 'facebook-jssdk'));

Проект одного блоггера представляет видео: Мусорная река с. Бостери.И была река, и питала она горные склоны и поля, спасая от жажды всё живое, смывая с земли пыльную усталость.И насыщала она своими быстрыми, бурными холодными водами озеро радости божьей и человеческой - Иссык-Куль.Обрамляли её холмы, суровые, словно семеро братьев у сестры.Но нет ничего вечного на земле, умирают и люди, и реки, и звёзды остывают в тлен. Не стало реки, но сохранила она себя в каждом камешке, в контурах облаков, что всегда спешат покинуть пики иссык-кульских гор. И пришёл человек, и был он пророком, и нашёл он в этом краю своё последнее пристанище.И были другие люди, что строили здесь веками дома, пасли скот, растили детей, передавали из поколения в поколение сказания о герое и надежде нации - Манасе.И цвели сады, и бежал жеребёнок на ножках - спичках к матери, которую доила девушка, чтобы напоить кумысом своего возлюбленного, своего избранного.Но однажды появились люди-вороны, а с ними караваны не с фруктами и шёлком, а мусором. И засыпали они иссохшее устье реки, накормив землю вокруг пластиком и помоями. И потекла мусорная река..И становилась она всё шире, глубже, страшнее,и шёл от неё смрад на несколько километров.И пошли бостеринцы к баям, и просили они пожалеть землю. И умоляли они смилостивиться к их детям, к аксакалам, к жёнам, что от вони лишаются молока.Но были чиновники слепы и глухи..и ругались в ответ:"Зачем вы отвлекаете нас по пустякам. Терпите! Всё сделано по закону!".И вышла однажды мусорная река из своих границ, и потекла по их головам, и поняли граждане,что пора идти в Генеральную Прокуратуру Кыргызстана. Подавать исковые заявления в суды и митингами выбивать из чиновников спесь, коррупцию и говно-отношение к своему народу. Народу, что их содержит!

Опубликовано Юлией Барабиной 20 сентября 2015 г.

«Таштанды жайы ыңгайсыздык жаратып жаткан аймакта 300 же андан көбүрөөк киши жашайт», — деп белгиледи ал.

Барабина таштанды жайды башка жерге көчүрүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаевге кайрылган.

Акыйкатчынын алдындагы социалдык-экономикалык укуктарды коргоо боюнча бөлүмдүн башкы адиси Талантбек уулу Аксамат Kloop.kgге бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал таштанды жайын жабуу же башка тилкеге көчүрүү чечимин кабыл алганын билдирди.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө таштанды жайынын талаптагыдай документтештирилбегендиги аныкталган. Документтерди тартипке келтирип, тосмо коюу тапшырмасы берилген. Азыр аны башка жакка көчүрө алышпайт», — деди ал.

Оторбаев Sputnik.kg жаңылыктар порталына курган маегинде Бостери айылындагы таштанды маселеси өз учурунда чечилбесе, ал 2016-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үзгүлтүккө учуратылышына алып келиши мүмкүндүгүн билдирген.

Бирок Барабина акыйкатчы «жергиликтүүлөрдүн талаптарын бир аз апыртып жиберген» деп эсептейт.

«Бирок чындыгында митинг тууралуу кептер мезгил-мезгили менен пайда болуп турат. Биз айылдыктар менен анын ыктымалдыктарын күзүндө эле талкуулаганбыз. Албетте, андагылар тынч, жоош адамдар, эч кандай ОБОН (акча үчүн митингдерге катышкан аялдардын жамдама аталышы, — ред. түшүндүрмөсү) эмес. Бирок алар чарчап бүтүштү…» — деди активист.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын күзүндө өтөт. Мелдештердин программасына спорттун 26 түрү киргизилген. Мелдештер башталганга чейин Балыкчы-Каракол унаа жолун оңдоп, оюндар өтө турган ат майданды реконструкциялоо пландалууда.