Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгы «жүргүнчүлөрдү ташуучулардын кайрылууларынан» улам маршруттук таксилерде жүрүү бааларын жогорулатууну сунуштады. Ага ылайык, шаарда жол кире 13-17 сомго чейин кымбатташы мүмкүн.

Шаардык транспорт башкармалыгынан Kloop.kgге маршруттук таксилердеги жол кирени жогорулатуу маселесин жүргүнчүлөрдү ташуучулар бирлиги көтөрүп жатканын билдирди.

«Бирлик бааларды карап чыгуу өтүнүчү менен шаардык кеңешке жана мэрияга кайрылды. Айдоочулар жол кире төмөн экенин айтып жатышат», — деди башкармалыктын начальнигинин орун басары Нурлан Атыканов Kloop.kgге курган маегинде.

Ал жол кирени «бардыгы кымбаттап жаткандыктан» улам жогорулатуу керек деп эсептейт.

«Жол кирени белгилүү бир деңгээлде көтөрүү керек. Баары кымбаттап жатат дегендей. Анын көлөмү азыр такталып жатат, анткени варианттар көп: 13, 15, 17 сом. Учурда жумушчу топ экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүдө», — деп түшүндүрдү Атыканов.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Кыргызстандын жүргүнчүлөрдү ташуучуларынын бириги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Шаардагы №260 каттамда иштеген маршруттук такси айдоочусу жол киренин кымбатташы башка товарлар менен кызматтарга болгон баалардын кымбатташына алып келет деп эсептейт.

«Бааларды жогорулатышса жакшы болмок. Бирок эгер транспортто жүрүү акысы кымбаттаса , анын артынан бүт баары кымбаттайт. А ал биздин өзүбүзгөн эле пайдасыз болот. Эгер документтерге (патент) болгон бааларды төмөндөтүшсө, анда жол кирени жогорулатпай деле койсо болмок», — деди айдоочу.

Тема боюнча: Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларын эмнелер кыжырдантат?

Учурда маселени чечүү үчүн курамына шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери, жүргүнчүлөрдү ташуучулардын бирлигинин жана шаардык ишканалардын өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүлдү.

Жакынкы убактарда сунуш Бишкек мэриясынын алдындагы комиссиянын кароосуна, андан соң Экономика министрлиги менен шаардык кеңешке жөнөтүлөт. Нурлан Атыкановдун айтымында, процесс эки-үй айга созулушу мүмкүн.

Шаардык транспортто жүрүү акысынын баасы тууралуу маселе 2011-жылы, күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу көтөрүлгөн — анда күйүүчү-майлоочу майга болгон бажы алымдарынан улам бензин баасы орточо эсеп менен 20-30 пайызга жогорулаган. Мэрия 2012-жылы бааларды кайрадан карап чыгып, жаңы тарифтерди бекиткен — маршруттук таксилерде жүрүү сегиз сомдун ордуна он сом болуп калган.

Тарифтер 2008-жылы да өзгөртүлгөн, анда жол кире үч сомго — беш сомдон сегиз сомго чейин жогорулаган.