29-февралдан бери Бишкек-Сокулук унаа жолунда жол эрежесин бузуу учурларын сүрөт жана видео көзөмөл системалары аркылуу аныктоо системасы иштеп баштаган. ИИМ андан бери почта аркылуу айдоочуларга 10 миңге жакын айып пул жөнөтүлгөнүн билдирүүдө. 

Жол коопсуздук эрежелерин бузуу учурлары камерага жазылып алынууда. Объективге эреже бузган автоунаанын мамлекеттик номуру түшүп, айдоочу тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө борборго жөнөтүлүп, ал жактан токтом түзүлүп, айып пул жазылат.

«Эреже бузуу тууралуу токтом дароо эле электрондук түрдө системада пайда болот, андан соң айып пул көлөмү көрсөтүлгөн токтом басылып чыгарылып, кат түрүндө айдоочунун жашаган дареги боюнча жөнөтүлөт», — деди ИИМдин башкы маалыматтык борборунун начальниги Алмазбек Болотбеков Kloop.kgге курган маегинде.

Борбор иштеп баштагандан бери жол эрежесин бузгандарга кат түрүндө 10 миңге жакын айып пул жөнөтүлдү, деп билдиришти ИИМден.

Тема боюнча: Видео: Бишкекте унаалардын ылдамдыктарын өлчөй турган камералар орнотулууда

Ошондой эле эреже бузууларды борбордо көз салып отурган ЖКК кызматкери да аныктап, кол коет.

Айып пулду бир айдын ичинде Quick Pay, «Аман Банк» же «Айыл Банк» терминалдары аркылуу төлөөгө болот. Эгер мөөнөтүнө чейин төлөнбөсө туум кошулат.

ИИМ камераларды Чүй жана Ош облустарына, ошондой эле Бишкек — Каракол унаа жолуна орнотууну пландап жатат. Борбордун кызматкерлеринин айтымдарында, аба ырайындагы өзгөрүүлөр системанын ишине таасир этпейт — ал -40 градустан +50 градуска чейинки шартта иштей берет.

Ошондой эле мекемеден система маалыматтардын жогорку даражадагы коргоосуна ээ экенин билдиришти.

«Система криптографикалык коргонууга ээ жана андагы маалыматтарды өчүрүү таптакыр мүмкүн эмес», — деди Болотбеков.

Тема боюнча: ЖКК эреже бузган айдоочуларды жашыруун видеого тартат

Ылдамдык режимин бузгандарга көз сала турган борбор «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ачылып, Ички иштер министрлигинин имаратында жайгашкан. Азырынча ал бир гана камерадагы маалыматтарды карайт.

Тендердин айланасындагы талаш-тартыштар

Юстиция министрлиги 2015-жылдын апрелинде видеокөзөмөл жүргүзүү камераларын сатып алуу тендери одоно мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөндүгүн билдирген.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, анда сатып алууларды ишке ашырууда тендердик протоколду ачуу маалында жок болгон «Beijing Construction Engineering Group International Co. LTD» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Ал эми келишимге кол коюлганда факты жүзүндө тендерге башка, «Beijing JYD Digital technology Company» деген компаниянын катышкандыгы аныкталган.

Андан сырткары мекемеге келишимдин 85 млн. долларлык суммасы да шектүү болгон — министрлик дал ошондой эле көзөмөл системаларынын Париж менен Стамбулда эки-үч эсеге арзан орнотулганын мисал келтирген.

«Көрсөтүлгөн сумма андай учурлар үчүн белгиленген техникалык-экономикалык негиздемеси жок эле «асмандан» алынган», — деп жазылган Юстиция министрлининин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев «Республика — Ата-Журт» фракциясынын 4-марттагы жыйынында сүйлөп жатып мекеме тендер өткөрүүгө байланышкан үч иш боюнча соттошуп жатканын билдирди.

«Коопсуз шаар» — Кыргызстандын өкмөтү 2014-жылдын жайында демилгелеген видеокөзөмөл системасы.

Долбоорду сыноо Бишкекте бир жыл мурда башталган. ИИМ аны борбордо жана Ош шаарында, ошондой эле Бишкек — Каракол жана Бишкек — «Манас» аба майданы унаа жолдорунда ишке ашырууну пландап жатат. Андан сырткары видеокөзөмөл камераларын жолдорго гана эмес, сейил бактары менен эс алуу аймактарына да орнотуу каралууда.