Өрт өчүрүүчүлөр 8-мартта Орто-Сай базарында тутанган өрттү өчүрүштү. Тез татым тамактарын даярдап саткан күркө өрттөнүп, ага жакын жайгашкан тамактануу жайлары зыянга учурды. Адамдардын арасында жабыркагандар болгон жок.

Күркөдөгү өрт 8-март күнү саат 15:20да тутанган. Аймактагы автоунаалардын туура эмес токтотулгандыгы өрт өчүрүүчүлөрдүн кырсык болгон жерге жетишин оорлоткон.

Алоолонгон жалын коңшу күркөлөргө да өткөн. Андагы адамдарды убагында эваукациялоого мүмкүн болду.

«Өрт өчүрүлдү. Болжол менен 100 чарчы метр зыянга учурады. Өрттүн чыгуу себептери — электр зымынан чыккан жалын», — деп билдиришти Kloop.kgге №5 өрт өчүрүү бөлүмүнөн.

Сүрөт: Дизель