Ош мэриясы Сулайман-Тоо комплексинин аймагындагы буга чейин «Айдар-Ата» кафеси жайгашып турган жерге автобус аялдамасы курула тургандыгын убадалоодо. Мэриянын сотко жетинчи жолу кайрылуусунан кийин кафе мыйзамсыз курулган теп табылып, бузулган.

Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы мыйзамсыз курулган «Айдар-Ата» кафесин февралдын аягында бузган. Анын ордуна автобус аялдамасын куруу пландалууда.

Муниципалдык менчик башкармалыгы «Айдар-Ата» кафесинин курулушун мыйзамсыз деп табуу талабы менен 2010-жылдан бери сотко бир канча жолу кайрылган, бирок сот кафенин ээсинин пайдасына чечим чыгарып келген.

Башкармалыктын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Канышай Нарынбаеванын айтымында, сотко жетинчи жолу кайрылуу гана канааттандырылган.

«[Кафенин ээси] Мая Айдаровага 2007-жылы жеңил типтеги кафе куруу үчүн убактылуу 250 чарчы метр аянт берилген. Кийин ал 2010-жылы сотко кайрылып, жеке менчик тууралуу мамлекеттик акты алган. Бул 2013-жылдагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган. Биз алар кафени өздөрү бузсун деп бир нече жолу эскертүү бергенбиз, бирок алар андай кылышкан эмес», — деп түшүндүрдү Нарынбаева.

vb.kg агенттигинин маалыматы боюнча, кафенин аты аталбаган ээси дагы мэриянын ишмердүүлүгүн текшерүү өтүнүчү менен Муниципалдык менчик башкармалыгын сотко берген. Аны менен катар кафенин ээси бийликтин көңүлүн анын «кызыл китеби» бар экендигине бурган.

«Сулайман-Тоо» тарыхый музейинин кызматкери Хайрулла Убайдуллаев Kloop.kgге билдиргендей, кафе алгач аялдаманын ордуна курулган.

«Бул жерде мурда деле аялдама турган, бирок кийин кафе курушкан. Эми аны бузушуп, кайрадан аялдама курушат», — деп белгиледи.

Азыр Муниципалдык менчик башкармалыгы «Сулайман-Тоонун» аймагындагы дагы бир кафе — «Ош Ордо» менен соттошуп жатат. Мэриядан ал дагы мыйзамсыз курулган деп эсептеп жатышат.

Сулайман-Тоо — Оштун борборунда жайгашкан тоо, шаардын эң белгилүү ажайып жана зыярат кылуу жайы болуп эсептелет. Тоодо XVI-XVIII кылымдарга таандык мечиттер менен тарыхый-этнографиялык музей бар. 2009-жылы тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген, анын коргоо тууралуу эрежелери маданият эстелигинин аймагында жаңы курулуштардын тургузулушуна тыюу салат.