Кармалган адамдын иш бөлмөсүн тинтүү маалында Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн толтурулган даяр кагаздар жана ал буга чейин документтерди топтоого жардам берген адамдардын тизмелери табылган.

Атайын кызматтагылар тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин чиновниги «чет өлкөлүк адамдын кыргыз жарандыгын алуусуна жардамдашуу үчүн» 5000 сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалды.

Расмий билдирүүдө шектүүнүн аты-жөнү толук көрсөтүлгөн эмес, болгону Э. Ж. деген гана баш тамгалары жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы анын иш бөлмөсүн тинтүү маалында чет өлкөлүктөрдүн паспорттору, жарандык алуу үчүн толтурулган даяр документтер жана ал буга чейин документтерди топтоого жардам берген адамдардын тизмелери табылганын билдирди.

Ошондой эле мекемеден Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан «Кызматкердин мыйзамсыз сый акы алуусу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогондугун билдиришти. Бирок ал кызматтан бизге бул маалыматты ырасташкан жок.

Шектүү тергөө аяктаганга чейин эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулду.

Азырынча Каттоо кызматы өз кызматкеринин кармалгандыгы боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей эле.

Бул аталган калкты каттоо департаментинин кызматкерине каршы кылмыш иши козголгон алгачкы учур эмес. Өткөн жылдын октябрында милиция ал бөлүмдүн мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиевди кармаган. Ал паспортторду мыйзамсыз берүүгө жана мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруудагы алдамчылыктарга айыпталган. Учурда анын иши соттун кароосунда, а мурдагы аткаминердин өзү тергөө абагында камакта.