Борбордун мэри Албек Ибраимов шаардагы жылуулук берүүнү 10-мартта токтотуу буйругуна кол койду. Чечим марттын экинчи жарымындагы аба ырайынын жылуу болорун эске алуу менен кабыл алынган.
Жылуулук берүүнү 10-март күнү эртең менен өчүрүп башташты, деп билдирди мэриянын басма сөз катчысы Ажар Мэлсова.
«Кечээ жыйын болуп, Кыргызгидрометтин кызматкерлери аба ырайы жылуу болорун айтышкан», — деди ал.
Бишкектин мэри Албек Ибраимов жыйындын жыйынтыктары боюнча жылуулук берүүнү токтотуу буйругуна кол койду.
Кыргызгидрометборбордун маалыматы боюнча, айдын экинчи жарымында Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн 2ден 7 градуска чейин, күндүзү 17ден 22 градуска чейин жылуу болот. Аны менен катар айдын ортосунда суук болуп, абанын температурасынын түнкүсүн -13төн -18 градуска чейин түшүп, күндүз 0дөн +5 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Gismeteo.ru сайтындагы маалыматтарга ылайык, март айында Бишкекте аба ырайы +2 градуска чейин төмөндөп, кар жаашы мүмкүн.
Негизинен Бишкекте жылуулук берүү аба ырайы беш күн катары менен 8 градустан жогору болуп турган шартта токтотулат. Адатта андай аба ырайы марттын аягына жана апрелдин башына туш келет. 2015-жылы «аба ырайынын суук болгондугуна байланыштуу» мэрия жылуулук берүүнү 6-апрелде токтоткон болчу.
Бишкекте жылуулук берүү сезону 2015-жылдын 20-ноябрында башталган.