9-мартта белгисиз адамдар Ингушетиядан Чеченстанга бара жаткан Кыйноолордун алдын алуу комитетинин укук коргоочулары менен журналисттердин автобусуна кол салышты. Анын жыйынтыгында бир нече киши жаракат алып, автобус өрттөлдү.

9-мартта белгисиз адамдар Кыйноолордун алдын алуу боюнча эл аралык комитеттин укук коргоочулары менен аларды коштоп бара жаткан журналисттерге кол салышты. Алардын арасында орусиялык жана чет өлкөлүк журналисттер да болушкан.

«Журналисттер бар автобустун жолун үч унаа келип тороп, анын айнектерин талкалап башташкан, а качан журналисттер сыртка чыгышканда аларды союлдар менен сабашты. Андан соң автобусту өрттөп жиберишти, анда кимдир бирөөнүн техникасы, башкаларынын паспорттору калган», — деп билдирди Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитеттин юристи Дмитрий Утукин «Дождь» телеканалына курган маегинде.

Кылмыш жана саясий иштерди чагылдырууга адистешкен «Медиазона» сайты автобуска андагылардын «баарын сыртка чыгарып туруп сабаган» бир нече ондогон жигиттер кол салышканын билдирди.

Утукиндин айтымында, анда кеминде төрт киши олуттуу жаракаттарды алышты: аларды сабашкан, а швециялык журналист кыздын «бутун кескилеп жарадар кылышкан». Кол салуудан кийин норвегиялык журналист оор абалда ооруканага жаткырылган.

«Медиазонанын» кабарчысы ишендиргендей, автобуска кол салуунун алдында аны 8-марттан бери эки күн бою аңдып жүрүшкөн.

Журналисттерге кол салуу болгондон кийин түн ичинде беткап жана камуфляж кийген куралдуу адамдар Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитеттин Ингушетиядагы кеңсесине кол салышкан. Бул тууралуу Утукин «Твиттердеги» баракчасы аркылуу билдирди.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун өкүлү Йоханн Бир «Коммерсантка» курган маегинде журналисттер менен укук коргоочуларга кол салууну «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзамга байланыштырды.

«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам, ошондой эле Чеченстандын башчысынын [Рамзан Кадыровдун] аны сындагандарга каршы айткан чуулуу билдирүулөрү бул сыяктуу кылмыштарга жол ачкан климат түзүп жаткандыгы ачык көрүнүп турат»,— деп билдирди Бир.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитет Орусиядагы адам укуктарынын бузулушуна көз салуу менен алектенет. Уюмдун кызматкерлерине буга чейин да бир канча жолу кол салуу болгон: 2014-жылдын декабрында комитеттин Чеченстандын борбору Грозныйдагы кеңсесин өрттөп, а 2015-жылдын жайында жаңы кеңсесин талкалап кетишкен.

2016-жылдын башында Орусиянын Юстиция министрлиги комитетти «чет элдик тыңчылардын» тизмесине кошкон.