Жогорку Кеңеш жаңы сайтты түзүү тендери мамлекеттик сатып алуулардын порталына анын жыйынтыгы чыкканга эки иш күнү калганда жарыяланганын жана ага жумасына алты иш күнү менен иштеген компаниялар катыша алгандыгын билдирүүдө.

Тендер өткөрүү тууралуу жарыя мамлекеттик сатып алуулардын порталына 5-мартта жарыяланганына карабастан катышуу билдирмесин жөнөтүү үчүн компанияларда эки иш күнү болгон, деп билдирди Жогорку Кеңештин Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бакбур Исаев. Ал Kloop.kgге курган маегинде парламент жети билдирме алганын жана учурда аларды карап жатканын айтты.

«Кечиресиңер, бирок 6-7-8-марттагы эс алуу күндөрү аптасына беш күн иштегендер үчүн гана. Жеткирүүчүлөр — бул бардыгы ЖЧК компаниялар», — деп жооп берди Исаев.

Исаевдин логикасы боюнча, тендерге 5чи жана 7-март күндөрү жумушка чыккан, жумасына алты күндөн иштеген уюмдар катыша алышкан.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, расмий эс алуу күнү болгон 5-март, ишемби күнү дүйшөмбүгө, 7-мартка жылдырылган, ошондуктан жумасына беш күн иштеген мекемелер 6-марттан 9-мартка чейин, а жумасына алты күн иштегендер 8-мартта гана эс алышкан.

Жумасына беш күн иштеп, 6-марттан 8-мартка чейин эс алган катышуучуларда билдирме даярдап берүүгө бир гана жумушчу күнү болгон. Факты жүзүндө бул мамлекеттик органдар тендер тууралуу жарыяларды анын жыйынтыгы чыкканга кеминде эки жумушчу күн калганда жарыяланышы керектиги жөнүндө айтылган «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамды бузат.

Парламенттин логикасы боюнча, жумасына алты күн иштеген компанияларда билдирме жөнөтүүгө эки жумушчу күнү болгон, бул мыйзамга каршы келбейт. Бирок ал катышуулардын тендерге катышуусуна бирдей жана адилеттүү шарттар түзүлүшү керектиги жөнүндө айтылган «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамдын 1-беренесин бузат.

«Алар тендерге бардыгы тең: алты күн иштегендер да, беш күн иштегендер да катыша алгыдай кылып алдын ала караштыруулары керек болчу», — деп түшүндүрдү «Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасына курган маегинде макулдашуу процесси бир нече күндү алгандыктан жарыялоо ишемби күнкүгө туш келип калганын түшүндүргөн.

«Мындай маанилүү ишке аз эмес каражат талап кылынат, бирок ал анын негиздүүлүгү анализденип, ар бир бөлүм макулдугун бергенден кийин гана бөлүнөт. Тендер шашылыш жарыялангандыктан улам аны өткөрүүгө болгону төрт гана күн каралган», — деп билдирген Нуракун уулу.

Мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталынын колдоо кызматы адатта жарыя тендер аяктаганга 21 күн калганда, а жөнөкөйлөштүрүлгөн схема боюнча, 7 күн калганда жарыяланарын түшүндүрдү. Келишимди ачык түзүү учурларында сынак тендердин аякташына 2 күн калганда жарыяланат.

Артыкчылык аргасыз кырдаалдарды жоюу үчүн сатып алууларга же жогорку деңгээлдеги чет өлкөлүк делегация келген учурларда Президенттин, премьер-министрдин же Жогорку Кеңештин төрагасынын аппараты үчүн сатып алууларга гана берилиши мүмкүн.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев Kloop.kgнин кабарчысына бул учурда парламент тарабынан мыйзам бузуу болгон-болбогондугун аныктоо үчүн комиссия жайгаштыруу мөөнөттөрү менен шарттарын териштирип чыгышы керектигин билдирди.

Парламент расмий сайтын жаңылоого 5-мартта тендер жарыялаган. Жогорку Кеңеш ал кызматка республикалык бюджеттен 300 миң сом коротууну пландап жатат. Нуракун уулунун айтымында, мындай чечим «азыркы сайттын жай иштегендигине жана ишиндеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу» кабыл алынган.