УКМК кызматкерлери Бишкектин №42 орто мектебинде бомба бар экендиги тууралуу жалган билдирүү жасоого шектелген ошол эле мектептин эки окуучусун кармады.

Класс жетекчиси, атайын кызматтагылар жана милиция №42 мектепке анда бомба бар экендиги тууралуу кимдин телефон чалып, жалган билдирүү жасаганын териштирип жатышат.

УКМКдан жалган телефон чалууга шектелип аталган мектептин 8-классынын эки окуучусу кармалгандыгын билдиришти.

Мектептин кызматкери Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде ал окуучуларды үйлөрүнөн кармагандыктарын айтты.

Мектепте бомба бар экендиги тууралуу телефон чалуу 10-мартта саат 10:50 келип түшкөн. Андан улам мектептеги окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланышкан. Бирок ал жерге барган УКМК жана милиция кызматкерлери имарат ичинен жардыруучу зат табышкан эмес.

Андан соң мектептеги сабактар кайра улантылган.

Бул анонимдүү телефон чалуулардан кийин мектептерде бомба изделген алгачкы учур эмес. Өткөн жылдын февралында Бишкектин №65 мектебинин окуучулары окуу жайдын арткы короосуна жардыруучу зат орнотулган унаа токтотулгандыгы тууралуу билдирүүдөн кийин эвакуациланышкан. Анда сапёрлор унаадан телефонго бекитилген бомбанын муляжын алып чыгышкан.

Сүрөт: Sputnik