Эксперттер «Ачык талкуу» долбоорунун түз эфиринде мусулмандардын нике кыюусун баш кошуунун расмий каттоодон өтүшү катары таануу керекпи деген маселенин айланасында талкуу өткөрүштү.

Талкууда бул маселе боюнча каршы жана колдогон жүйөлөрүн келтиргендер:

  • Махабат Турдумаматова — акыйкатчы аппаратынын үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо жана гендердик басмырлоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Жаныбек Ботоев — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын юридика бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Данияр Мурадилов — Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
  • Сейитжан Апышев — баш кошууну расмий каттоодон өткөргөнгө чейин нике кыюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон депутат Аида Салянованын кеңешчиси;

Талкуу Дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясы жана K-News маалымат агенттиги менен биргеликте өткөрүлдү.

2015-жылдын аягында жашы жете элек түгөйлөрдүн баш кошуусу расмий катталганга чейин нике кыюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору талкууга коюлган.

Мыйзам долбоорунда жашы жете электердин баш кошууларынын жайылышында «ата-энелерден сырткары андай баш кошууларга легитимдүүлүк макамын берген дин кызматкерлери да чоң роль ойной тургандыктары» жазылган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — мурдагы башкы прокурор, учурдагы парламент депутаты — Аида Салянова расмий каттоонун жоктугу зомбулук курмандыгы болуп калуу тобокелдигин жогорулатат деп эсептейт.

«ЗАГС органдарынан каттоодон өтпөстөн эле диний ырым-жырымдар менен касиеттөө адам укуктарын одоно бузуу болуп эсептелет, ал зомбулук менен ырайымсыз мамилелердин курмандыгы болуп калуу тобокелдигин жогорулатат», — деп билдирген ал эксперттик жолугушуу маалында.

Муфтияттын өкүлү баш кошууну расмий каттоого өткөрүүгө чейин нике кыюугу тыюу салуу тууралуу парламент депутаттарынын мыйзам долбоору менен макул болуп, бирок анын натыйжалуулугунан күмөн санай тургандыгын билдирген.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Мурадилов Kloop.kgге курган февралдагы маегинде мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө кыйын болорун айткан.

«Эгер никени жалгыз дин кызматкерлери гана эмес, а катардагы эле мусулман адамдын кыя алуусун эске алсак, анда бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө кыйын болот.  Алар үйлөргө кирип, ар бирин текшерип чыга алышпайт. Бул мыйзам долбоору — куру кыял», — деп эсептейт Мурадилов.

«Динге ишенгендерди эске алуу»

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү адамдарды баш кошууларын расмий каттатууга мажбурлоо керек эмес деп эсептейт.

«Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору жашы жете элек кезинде турмушка чыккандарды же андай кыздарды ала качкандарды көзөмөлдөө үчүн пайдалуу. Андай аракеттерди дин да жактырбайт. Бирок бардыгын бириктирүүгө болбойт, анткени бизде нике кыйып, дин мыйзамдары менен жашагандар да бар, биз аларды мажбурлай албайбыз», — деген анда Мурадилов.

Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча топтун мүчөсү жана «Эркектер зомбулукка каршы» коомдук фондунун президенти Марат Алиаскаров Kloop.kgге мыйзам долбоору кайсыл бир деңгээлде динге ишенгендердин укуктарын кемсинтиши мүмкүндүгүн айткан.

«Азыр биз талкуулоо баскычындабыз. Биз эмнеге бара жатканыбызды, кемчиликтери менен артыкчылыктарын талдап, анын канчалык мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес экенин карап чыгалы деп жатабыз. Эгер биз дин кызматкерлерин күчкө салып жоопко тарта турган болсок, анда ал адам укуктарына доо кетирет. Мындай маселелерге чынында этияттык менен мамиле кылуу керек», — деп түшүндүргөн Алиаскаров.

Учурда мыйзам долбоору эксперттер жана эл аралык, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен талкуулоо баскычында.