ИИМдин басма сөз катчысы мекеме 3 млн. сомго керебеттерди, дивандарды жана шкафтарды өлкөдөгү бардык бөлүмдөрү үчүн сатып алып жатканын билдирди. Буга чейин «Кыргыз Туусу» гезитинин журналисти ИИМдин тендерин «ысырапкорчулук» деп атаган.

2 млн. 995 миң сомго кеңсе эмеректерин сатып алуу тууралуу Ички иштер министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыясы бир катар кыргыз ЖМКларынын сын-пикирин жараткан.

«Кыргыз Туусу» гезити 8-марттагы санында «Турганбаевге керебеттин эмне кереги бар?» деген аталышта макала чыгарган. Анда автор Ички иштер министрлигин «ысырапкорчулукка» айыптаган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев «Фейсбуктагы» баракчасына эмеректерди сатып алуу ИИМдин 2016-жылга карата мамлекеттик сатып алууларынын жалпы планына кире тургандыгын түшүндүрдү.

Осмонбаевдин айтымында, эмерек министрликтин бардык аймактардагы бөлүмдөрүнө сатылып алынып жатат. Ал өз мекемесинин дарегине айтылган сын пикирлерди «негизсиз» деп атады. Ал ошондой эле сатылып алына турган эмеректердин аталыштарын атап, алардын кандай максаттар үчүн алынып жаткандыгын түшүндүрдү.

Мисалы, ал кресло-керебеттер күнү-түнү нөөмөттө болгон бөлүмдөр үчүн сатылып алынып жатканын белгилеген.

«Кресло-керебеттер – эч кандай булгаарыдан же атайын буйрутма менен жасалган эмес, кездеме, катуу поролондон эле жөнөкөй гана бир канча кыймыл аракет менен бир түрдөн экинчи түргө айланган бүктөмө каттуу керебет сыяктуу. Алар күнү-түнү нөөмөттө болчу бөлүктөргө арналган. Күчөтүлгөн режимде кызмат өтөө маалында нөөмөттөгүлөрдүн эки сааттык эс алуусу үчүн», — деп жазды басма сөз катчы.

Анын айтымында, үстөлдөр, отургучтар жана темир шкафтар аймактык бөлүмдөр ортосунда бөлүштүрүлөт.

Осмонбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 200 орундуу казарма курулуп жатканын, анткени өткөн жылы айрым милиция кызматкерлерине «автоунааларда уктоого туура келгендигин» белгиледи.

Ал Kloop.kgге курган маегинде мекеме «ушагы» үчүн гезит менен соттошпой тургандыгын билдирди.

«Биз расмий төгүндөө бердик, бирок сотко берүү маселеси талкууланган жок», — деп түшүндүрдү ал.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2016-жылы жаңы имараттар пайдаланууга берилет жана сатып алуулар көбөйтүлөт. Баткенде кайгуул милициясы, атайын багыттагы полк жана министрликтин башка бөлүмдөрү үчүн имараттардын курулушу башталган.