1,75 млн. рублге беш дельфин сатып алуу тууралуу жарыя Орусиянын мамлекеттик сатып алуулар сайтында пайда болду. Сатып алуучу тарап — Коргоо министрлиги — аларга дельфиндердин эмнеге керек болгонун түшүндүрбөй эле.
Орусиянын Коргоо министрлигине үч жаштан беш жашка чейинки эки ургаачы жана үч эркек дельфин керек болууда. Ал үчүн мекемеде 1,75 млн. рубль каралган.
Бирок ошол эле маалда Коргоо министрлиги аларга дельфиндер кандай максаттарда керек болуп жаткандыгы жана ал жаныбарларды кайсыл жакта кармай тургандыктарын так билдирбей эле.
РИА «Новости» агенттигинин Севастополь океанариумундагы булагы дельфиндер жаныбарлардын табигый картайуусуна байланыштуу, тагыраагы «пенсияга кетип жаткандардын» ордуна сатылып алынып жатканын билдирди.
«Жаңы жаш дельфиндерди сатып алуу жаныбарлардын популяциясын жаңылоо зарылдыгына байланыштуу. Алар дагы адамдар сыяктуу картайып, ал эмес пенсияга да чыгышат», — деп билдирген агенттиктин маектеши.
Ал «жашыруун экенин айтып», Коргоо министрлигине дельфиндердин эмнеге керектиги тууралуу кеңири маалымат берүүдөн баш тарткан.
Тема боюнча: Бишкекте дельфинарийдин ачылышы соцтүйүн колдонуучуларынын нааразычылыктарын жаратты [+видео]
Орусиянын отставкадагы полковниги Виктор Баранец британиялык Guardian гезитине курган маегинде дельфиндер аскердик багытта сатылып алынып жатканын билдирген.
2014-жылдын мартында Орусиянын Аскер-деңиз флотунда кужүрмөн крым дельфиндери менен деңиз мышыктары кызмат өтөй тургандыктары белгилүү болгон. Ошол эле жылдын сентябрында аскердик дельфиндерди даярдаган Крым мамлекеттик океанариуму Орусиянын Коргоо министрлигинин карамагына өткөн.
2012-жылы Индия дельфиндерди инсан деп таанып, аны менен аларды адамдарга теңеген дүйнөдөгү жалгыз өлкө болуп калган. Ал чечим дельфиндердин интеллектиси жана алардын өз ара сүйлөшүүнүн жеке тили менен аргументтештирилген.
АКШ менен СССРдин армияларындагы дельфиндер
АКШда 1960-жылдардан бери Деңиз сүт эмүүчүлөрүн пайдалануу боюнча Аскердик-деңиз флотунун программасы бар — анын алкагында дельфиндер менен деңиз мышыктары көптөгөн көнүүгүлөргө, анын ичинде суучулдар менен деңиз диверсанттарына жардам берүүгө үйрөнүшкөн.
СССР дагы 1960-жылдардын ортосунда Кара деңиздин жээгинде дельфиндерди аскердик максаттарда пайдаланууну изилдешкен. Ал программа Кайра куру жылдарында кыскартылып, 2000-жылы Севастополь океанариумундагы «камикадзе-дельфиндери» Иранга сатылган.