Социал-демократ Галина Скрипкина нацизмдин идеясын колдоого тыюу сала турган мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ дээрлик толугу менен Орусиядагы ушундай эле мыйзамды кайталайт жана гитлердик нацисттердин идеясын колдоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин сунуштайт.
Депутат нацизмди актаган идеяларды таркатууга тыюу салууну сунуштоодо.
Нацизм аныктамасына бир улуттун башкалардан артыкчылыгы идеясын түртүп, тынчтык менен адамзатына каршы кылмыштарды кылган гитлердик Германиянын жана ага союздаш болгон өлкөлөрдүн идеялары гана туура келет.
Андан сырткары документ нацисттик белгилер менен нацисттик кылмышкерлердин образдарын жарнамада, массалык акцияларды өткөрүүдө колдонууга, ошондой эле нацисттик публикацияларды басма жана электрондук ЖМКларда таркатууга тыюу салууну сунуштайт.
Эгер автор нацисттик топторду «реабилитациялап» же «баатыр кылып жатса», анда ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат, бирок азырынча кандай кылмыш жоопкерчилиги экени так жазылган эмес.
Саясат таануучу Медет Төлөгөнов мыйзамдын аткарылышы экстремалдык формаларды кабыл алышы мүмкүн деп эсептейт.
«Мисалы, бул боюнча Орусияда чуулуу диссертациялык иш жактоо болгон. Эгер бизде кимдир бирөө иликтөөгө белсене турган болсо, ал нацизмди реабилитациялоо аракети катары бааланабы?», — деди Төлөгөнов.
Документтин долбооруна ылайык, тыюу илимий жана көркөм адабиятка тийиштүү болбойт, бирок кандай гана адабият болбосун ал мамлекеттик антинацисттик экспертизадан өтүшү керек болот.
Тарых китептери жана башка билим берүү материалдары, жарнамалар, басма жана электрондук басылмалардагы публикациялар, ошондой эле диний биримдиктердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана ЖМКлардын уюмдаштыруу документтери текшерилет.
Төлөгөнов өткөрүлө турган экспертизалардын сапаты боюнча күмөн саноолорун билдирүү менен ага 2012-жылы сот тарабынан «экстремисттик» деп табылган «Мен мусулманмын, мен геймин» тасмасына тыюу салынышын мисал кылды.
«Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет экспертиза өткөргөн, бирок эксперт анда куранга таянып чечим чыгарган. Бул бизде экспертизанын кантип өткөрүлө турганыдыгынын бир мисалы. Мага кайсынысы нацизмди пропагандалоо, а кайсынысы коомго объективдүү бир нерсе жеткирүү аракети экенин адилеттүүлүк менен бөлүп карай алган экспертти көрсөткүлөчү», — деди Төлөгөнов.
Жогорку Кеңештин жалпы бөлүмүнөн антинацисттик экспертизаны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөрүшү мүмкүндүгүн айтышты.
Скрипкина тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоору Орусияда 2014-жылдын аягында кабыл алынган мыйзамга окшош.
Ал кабыл алынгандан кийин краснодардык жарандык активист Юлия Усач «Вконтакте» социалдык түйүнүнө нацизмди мазактаган үч тарыхый сүрөт менен үч карикатураны жайгаштыргандыгы үчүн ага айып пул салынган.
Ушундай эле окуя Смоленск шаарынын оккупацияда турган кезиндеги сүрөтүн (сүрөттө фашисттердин белгиси бар болгон) жайгаштырган журналист менен болгон.
Орусиянын Мекенчилдердин биримдиги бирикмесинин төрайымы Марина Чуйкова мыйзам долбоорунда так түшүндүрмөлөрүн жазуу керек деп эсептейт.
«Улуттар аралык маселелерди кыскарта турган түшүнүктөр түшүндүрүлсө жакшы болор эле. Эмненин нацизмди пропагандалоо, фактыларды констатациялоо жана атайылап бурмалоо деп эсептелерин так түшүнүү зарыл», — деп билдирди Чуйкова Kloop.kgге курган маегинде.
Тарыхчы жана саясат таануучу Табылды Акеровдун айтымында, Кыргызстанда бул сыяктуу мыйзамды кабыл алууга түрткү болчу учурлар боло элек.
«Бул маселени көтөрүп чыгып, дээрлик иштебей турган мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун зарылдыгы жок. Бул деген биздин депутаттарда чындап эле элдин жашоосун жакшырта турган идеялардын жоктугу тууралуу айтып турат», — деди Акеров Kloop.kgге курган маегинде.
Документке тиркелген негиздеме-маалымкатта мыйзамдын зарылдыгы Европада, Прибалтика жана КМШ өлкөлөрүндө нацизмди «баатыр кылуу» учурларынан улап келип чыкканы жазылган.