Милициянын маалыматы боюнча, качып кеткен Азатбек Алымкулов Туңгуч кичи районундагы кароосуз калган вагондо аялга окшоп кийинип алып жашырынып жүргөн. Айыпталуучу 26-февралда күзөтчүлөрдүн коштоосунда тергөө абагынан сотко баратканда, жолдон саунага кирип эс алып жаткан маалда  качып кеткен.

Милиция тарабынан Бишкектин чыгыш бөлүгүндөгү Туңгуч кичи районунда коштомо күзөттөн качып кеткен Азатбек Алымкулов кармалды. Ал талоончулук менен кол салууга айыпталып жаткан.

ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге Алымкулов аялдарга окшоп кийинип, кароосуз калган вагондо жашырынып жүргөн.

«Биздин маалыматтар боюнча, ал аялдын кийимдерин кийип жашырынып жүргөн, аны өзү дагы жашырбай эле. Ал анын кашын терип, бетинин упа сүйкөп алгансып ак болуп калгандыгынан да көрүнүп турат», — деди ал.

Учурда кармалган адам Аламүдүн РИИБсинде, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Азырынча сотко чейин анын кайсыл жакта камакта болору белгисиз.

Азатбек Алымкулов коштомо күзөттөн 26-февралда качып кеткен. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, коштомо күзөттүн кызматкерлери айыпталуучу менен бирге саунага барып, спирт ичимдигин ичишип, Алымкуловду коңшу бөлмөдө кароосуз калтырышкан.

Башкы прокуратура ал факты боюнча коштомо күзөт кызматкерлерине каршы «Кызмат абалын ашыкча пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Айыпталуучуну качырып жиберген милиционерлер кармалып, камакка алынышкан, тергөө иштери жүрүүдө.