Президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасы 12-мартта өткөн ишембиликтин жүрүшүндө Бишкектеги ботаникалык бакка көчөттөрдү отургузушту.

12-мартта Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта президенттин, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле парламент менен мэриянын кызматкерлери катышкан ишембилик болду. Аларга өлкөнүн жогорку жетекчилери да кошулушту.

Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ботаникалык бактын аймагын жакшыртуу боюнча башкы план менен таанышып, келечектеги гүл бакча ордуна көчөттөрдү отургузушту.