Маршруттук таксилердин жөндөмдүү айдоочулары, ала качуу, эшиги жок ажатканалар жана көчөдө өбүшкөн кыз-жигиттер — Кыргызстан чет өлкөлүктөрдү дагы эмнеси менен таң калтырат?

Филипп, 24 (Австралия)

giphy2

Мен батыштын, салттуу кыргыздардын жана советтик маданияттардын динамикалуу айкалышына таң калгам.

Бул бир эле сүрөткө түрдүү көз караштагы бир нече сүрөтчү өз салымын кошкон учурга абдан окшош. Андан улам мында бирдиктүү элге топтолгон чоң көп түрдүүлүк бар.

Мен үчүн бул эң кызыктуу жана чыныгы күтүүсүз окуя болду.

Гаурав, 27 (Непал)

giphy1-

Чынын айтканда, мен бул жакка келүү чечимин кабыл алганга чейин бул өлкө тууралуу эч нерсе уккан эмесмин. Мен Кыргызстан — бул Орусиянын бир бөлүгү же ага жакын жайгашкан өлкө деп ойлогом.

Алгач мен Ошко баргам. Мага андагы шаардыктар [тилдердин айырмачылыгындагы тоскоолдуктардан улам] анчалык меймандос эместей жана бир аз өжөр сезилген. Мен мында көпчүлүгү англис тилинде сүйлөсө керек деп ойлогом. Мага кыргызча да, орусча да билбестен саякаттоо абдан оор болгон.

Анан мен Бишкекке келип дароо эле өзгөрүүнү байкадым. Менин эң жакшы көргөн жерим — бул Ысык-Көл.

Марк, 29 (АКШ)

giphy5

Мени Бишкектин сыртына чыккандагы ажатканалардагы шарттар абдан таң калтырган. Мисалы, ал эмес спа-салондордогу ажатканалардын шарттары начар. Менимче, бул адамдар кыйла жагымдуураак шарттарды күткөн жер. Өзгөчө суук учурларда. Андан сырткары алыскы райондордогу үйлөрдө ичүүчү суунун жоктугу таңдантты.

Мага чай абдан жагат. Мен өмүрүмдө бул жакка келген алгачкы үч күндө ичкенден көп чай иче элек болчумун. Мен үчүн ал азыр кадимки эле нерсе болуп калды.

Иан, 26 (Франция)

giphy4

Кыргызстан көптөгөн маданияттардын, таасирлердин жана бири-бирине каршы келген кызыкчылыктардын айкалышында жайгашкан. Европалыктардын көзүнө кызыктуу болгон нерселер көп. Балким, эң таң калычтуусу — бул маршруттук такси айдоочуларынын жөндөмдүүлүгү болсо керек.

Алар оор шарттарда кооптуу айдашат — мен мында автоунаа башкаруу кандай оор экенин өзүмдүн тажрыйбамда көргөм — алар жүргүнчүлөрдү санап, акчасын эсептеп, телефон менен сүйлөшүп, кээ бирде тамеки чегүүгө да жетишишет.

Беназир, 22 (Ооганстан)

giphy6

Биринчи жолу балдар менен кыздардын көчөдө өбүшүп жаткандыктарын көргөндө абдан таң калгам. Андайды мен өмүрүмдө биринчи жолу көргөм. Ооганстанда балдар менен кыздар чогу да жүрө алышпайт, ошондуктан ал мага жаңы, таң калычтуу жана таптакыр башкача нерсе болгон.

Мен жаңы гана келгенимде мында адамдар дээрлик жылаңач болгонго чейин жасанышкандай сезилчү, бирок азыр мага Бишкектин көп түрдүү стили жагат.

Таканори, 32 (Жапония)

giphy

Мен эшиги жок ажатканаларды көргөндө абдан таң калгам. Ал биз жайында барган Ысык-Көлгө жакын жайгашкан кийинекей айылда болгон.

Кыргызстандагы адамдар абдан кайрымдуу, алар бири-бирине жардам берүүгө көнүп калышкан. Мисалы, маршруткаларда улууларга орун бошотуп берүүгө — биринчи жолу мен андай көрүнүшкө күбө болгонумда ага байкоо салуу абдан кызык болгон, анткени биздин маданиятта андай кылуу адат эмес.

Ошондой эле тостторду айтуу кызык болгон жана ар бир жолу айткан сайын мен ага жакшылап үйрөнүп баштадым.

Жапонияда адамдар улгайган ата-энелерин карылар үйүнө же ден соолукту жакшыртуу үйлөрүнө алып барууга көнүп калышкан. А Кыргызстанда адамдар ата-энелерине жардам беришип, ал эмес алар менен бирге жашашат экен.

Мындагы жаратылыш абдан кооз, мага тоолор абдан жагат, бирок адамдардын эмнеге жаратылышты сактабай, каалаган жерине таштанды таштап жаткандыктарын түшүнбөйм.

Ванесса, 21 (Австрия)

giphy7

Мен үчүн мында эркектердин көчөдө түкүрүнгөнүнө көнүү абдан оор болууда.

Көп. Абдан көп.

Көчөнүн бардык жеринде!

Менимче, мен бул конкреттүү өнөкөткө дагы деле көнө элекмин…

Моин, 18 (Иран)

giphy3

Мени бул жакта ала качуу салтынын бар экендиги таң калтырды. Биринчи жолу досторум ал жөнүндө айтканда мен андай болушу мүмкүн эместигин, анткени адамды уурдоо кайсыл гана өлкөдө болбосун мыйзам бузуу болуп эсептелерин айткам, бирок [Кыргызстанда андай] эч нерче жок экен. Кимдир бирөө менин группамдагы кыздардын бирин ала качып кеткен, бирок аны менен эч нерсе болгон жок.

Кандай болгондо да бул уникалдуу, ошол эле маалда күлкүлүү салт. Бирок мен аны эч качан колдобойм. Менин карындашымды ала качууга эч ким батынбайт.

Автор: Калия Кубатбекова
Сүрөт: Evgeni Zotov/Flickr