Караколдогу зоопарк Дагестандан тогуз айлык арстандын күчүгүн белекке алды. Анын атасы күчүгүн келечектеги атаандашы катары көрө баштап, кезектеги кол салуусунан кийин аны Кыргызстандагы жалгыз зоопаркка берүү чечими кабыл алынган.

Симба аттуу жаш арстан учурда Бишкекте, жолдогу кыйынчылыктардан эс алып, мал доктурлардын текшерүүсүнөн өтүп жатат, деди Kloop.kgге жаныбарларды коргоо боюнча «Бугу-Эне» коомдук фонддун президенти жана Кыргызстандагы жападан-жалгыз зоопарктын директору Салтанат Сейитова.

2

Анын айтымында, Симба — Кыргызстандагы биринчи арстан. Ал фондго дагестандык зоопарктагы атасы андан келечектеги атаандашын көрүп, ага кол салып баштагандан улам берилди.

«Симбага тогуз ай болду. Олуттуу жарааты жок, чекеси менен тумшугу гана бир аз сыйрылган. Анын баары калыбына келет. Абалы канааттандыраарлык, тамакты жакшы жеп атат», — деди Сейитова.

3

Арстан Бишкекте бир ай карантинде болот, андан соң ал үчүн кенен капас даярдалган Караколдогу зоопаркка которулат. Сейитова арстан баласынын зоопарктагы жашоосу үчүн бардык керектүү шарттар түзүлө тургандыгын белгиледи.

«Арстан өзүнчө кармалат. Бул биздин зоопарктагы жалгыз арстан болот. Ал стресстен арылып, өзүн тынч алып жүрүп калат. Чоң капаста ал аны жакшы көрө тургандыктарын түшүнүп, көрүүчүлөргө сымбатын көрсөтөт», — деди Сейитова.

4

Каракол зоопаркы — Кыргызстандагы жападан-жалгыз зоопарк. Ал 1987-жылы курулган. Анда 130дан ашык жаныбар кармалат, алардын арасында аюулар, жапон маймылы жана ламалар бар.

Сүрөт: «Бугу-Эне» фондунун «Фейсбуктагы» баракчасы