13-мартта Түркиянын борбору Анкарада административдик автоунаа жардырылып, ал 34 адамдын өмүрүн алып кетти. Жабыркаган дагы 125 киши ооруканага жеткирилди. Болжолдуу маалыматтар боюнча, каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бийлик соцтүйүндөргө кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеди.

Түркиянын Hurriyet маалымат агенттиги билдиргендей, жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.43тө Гувенпарктан алыс эмес жердеги Анкаранын транспорттук түйүндөрүнүн биринде болгон.

Жардыруудан 34 киши каза болуп, дагы 125и түрдүү жаракаттарды алышты. Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Муэззиноглунун айтымында, ооруканага жеткирилген 19 адамдын абалы өтө оор.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлининин басма сөз кызматынан болжолдуу маалыматтар боюнча, каза болгондор жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын жок экенин билдиришти.

Түрк полициясынын билдирүүсү боюнча, жардыруунун себеби мина коюлган автоунаалардын бири болгон. Жардыруудан кийин анын жанындагы бир нече унаа жана автобус толугу менен өрттөнүп кеткен.

Түркиянын бийлиги окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Өлкөнүн ички иштер министри Эфкан Ала тергөө иштери бүгүн аяктай тургандыгын убадалады.

«Биздин колдо олуттуу далилдер бар. Тергөөнүн болжолдуу жыйынтыктары эртең айтылат болуш керек, тергөө биз бул террордук чабуулга тиешеси бар уюмдун атын айта ала тургандай баскычка жетет», — деп билдирди Эфкан Ала 13-мартта.

Анкарадагы жергиликтүү сот жарандар окуя болгон жерде тартылган сүрөттөр менен видеолорду жайылтпашы үчүн «Фейсбук» жана «Твиттер» социалдык түйүндөрүнө кирүү мүмкүнчүлүктөрүн чектөө чечимин чыгарды.

Түркиянын президенти Реджеп Эрдоган «Түркия өлкөдөгү террорчулукка каршы күрөшүүдө багынбас бойдон каларын» билдирди.

«Аймактагы туруксуздуктун айынан Түркия террорчулардын бутасына айланды. Биздин коопсуздук күчтөрүбүздүн каармандык аракеттеринен жоготууларга учурап жаткан террорчулар биздин өлкөнүн жарандарын кароолго алып жатышат», — деп билдирди Эрдоган.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, Анкарадагы террорчул чабуулду айыптады.

Бул жыл башынан бери Түркия аймагында жасалган террорчулардын онунчу чабуулу. 10-январда жанкечтинин өзүн жардыруусунан улам Стамбулда 10 киши каза болгон — алардын көбү негизинен Германиядан барган туристтер болушкан. Жардыруудан кийин терактты уюштурууга шектүүлөр кармалышкан, анда алардын «Ислам мамлекети» уюмуна тиешеси бардыгы да айтылган. Дагы үч күндөн кийин жардыруучу зат орнотулган автоунаа жарылып, ал беш кишинин өмүрүн алып кеткен.

18-январда Түркияда тыюу салынган Күрдистандын жумушчу партиясынын (КЖП) согушкерлери гранатометтордон полициянын автобусун көздөй ок чыгарышып, мина коюлган брондолгон унааны жардырышкан. Анда беш киши каза болгон.

20-январда КЖП тарабынан орнотулган минадан Түркиянын эки күч кызматкери жарылып өлүшкөн. Эки күндөн кийин белгисиз адамдар Диярбакыр аймагындагы Баглар районунун мектебиндеги чогулуш маалында бомба жардырышып, андан мектептин үч окуучусу жаракат алган.

17-февралда парламент менен башкы штабдын имаратынан жана аскер кызматкерлеринин жатакасынан алыс эмес жерде мина коюлган автоунаа жарылган. Анда 29 киши каза болуп, дагы 61и түрдүү жаракаттарды алышкан.

18-февралда Лидже шаарында аскердик коштомо күзөттүн жолунда жардыруучу зат ишке киргизилип, жети кишинин өмүрүн алып кеткен.

3-мартта эки аял полиция автобусуна гранаталарды ыргытышып, андан соң аны көздөй автоматтар менен аткылап башташкан. Кол салгандарды колго түшүрүү боюнча өткөрүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында эки аял тең өлтүрүлгөн.

4-мартта КЖПнын согушкерлери Нусайбиндеги жол полициясынын постунун жанындагы автоунаа менен полиция кызматкерлеринин жатаканасын жардырышкан, андан соң имаратты көздөй гранатометтордон ок жаадырышкан. Жыйынтыгында эки полиция кызматкери каза болуп, дагы 35 киши жаракат алышкан.