Чехиянын депутаттар палатасынын төрагасынын иш-сапары маалында 15-марттан 17-мартка чейин Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Жол милициясынан көчөлөр көпкө эмес, 10-15 мүнөткө гана жабыла тургандыгын түшүндүрүштү. Kloop.kg кыймыл оорлой турган көчөлөрдүн картасын түздү.

15-марттан 16-мартка чейин Бишкектин төмөнкү көчөлөрүндө жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет:

— Махатма Ганди көчөсүндө шаар чегинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;

— Жибек-Жолу проспектисинде М.Ганди көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

— Манас проспектисинде мамлекеттик резиденцияга чейин;

— Чүй проспектисинде, Раззаков, Абдымомунов, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүндө.

17-марттта эртең мененки саат 9дан 12ге чейин Манас, Чүй жана Жибек-Жолу проспектилери, ошондой эле Абдрахманов жана М.Ганди көчөлөрү жабылат.