Өткөн жылда постсоветтик мейкиндиктеги авиациялык кырсыктардын саны он жылдан берки рекордду жаңыртты, деп жазылган Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин баяндамасында. 2015-жылдын ичинде кыргыз учактары кырсыкка бир гана жолу дуушар болушкан. Кырсыктардын көбү Орусияга туура келген.

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) жыл сайын чыкчу баяндамасына ылайык, 2015-жылы постсоветтик өлкөлөргө — Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Украина, Молдова жана Орусия — таандык учактардагы кырсыктардын саны акыркы он жылдагы рекордду жаңырткан.

Жалпысынан өткөн жыл ичинде алардын катышуусунда 56 авиациялык кырсык болгон, бул 2014-жылга салыштырганда 8 кырсыкка көп.

МАКтын кырсыктар тизмесинде бир гана кыргыз учагы бар. 2015-жылдын ноябрында «Авиа Траффик» компаниясынын учагы Ошто авариялык конуу жасаган — анда жеңил жаракаттарды алган 10 киши жабыркаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кырсыкка учактын кыймылдаткычы менен гидравликасынын иштебей калгандыгы себеп болгонун билдирген.

Комитеттин баяндамасы боюнча, техникалык жактан бузулуулар кырсыктардын болгону 24 гана пайызына себеп болот. Кырсыктардын 70 пайызынын себепкери катары адам фактору — экипаждын же диспетчердин каталары эсептелет.

Күтүлбөгөн кырсыктардын көбү Орусияга туура келген. Бир жыл ичинде өлкөдө 41 авиациялык кырсык жана 60 адамдын өмүрүн алып кеткен 20 кыйроо болгон.

2015-жылдын 31-октябрында Синай жарым аралында кулап түшүп, 224 кишинин өмүрүн алып кеткен орусиялык Airbus А321 учагынын кыйрашы статистикада келтирилген эмес, анткени МАК теракттардан улам кырсыкка учураган учурларды эсепке албайт.

Комитет бир нече жолу адам факторунун коопсуздукка таасир этүүсүн азайта турган программаны иштеп чыгуу боюнча жети өлкөгө сунуштамаларды берген, бирок кырсыктардын саны жыл өткөн сайын көбөйгөндөн көбөйүүдө.

МАК билдиргендей, учак кырсыктарынан каза болгондордун саны өткөн жылга салыштырганда бир жарым эсеге көбөйгөн — 2015-жылы ал 116 кишини түзгөн, ал эми 2014-жылы авиакырсыктардан 80 киши каза болгон.

2015-жылы постсоветтик өлкөлөрдүн авиациясында дагы кандай кырсыктар болгон

  • Ан-2 казак учагы 2015-жылдын 20-январында өлкөнүн Жабыл облусунда кырсыкка учураган. Анда 6 киши каза болгон.
  • Ми-8 тик учагынын кыйрашы 2015-жылдын 15-августунда Хабаровск крайында болгон. Анда анын ичинде 16 киши бар болгон. Кырсыкта экипаждын үч мүчөсү менен сегиз жүргүнчү аман калып, беш киши каза болгон.
  • Ошондой эле үлгүдөгү тик учак 2015-жылдын 26-ноябрында Красноярс крайында кырсыкка учураган. Анда экипаж менен жети жүргүнчү дароо каза болушкан, дагы бири кийин ооруканада көз жумган.
  • Жеңил мотордуу «Beechcraft Bonanza А36ТС» учагы 2015-жылдын 13-декабрында Ставропольск ркайында кырсыкка учураган. Анын жыйынтыгында төрт киши каза болгон.

Соавтор: Айжамал Мураталиева