14-март күнү кечинде Москвада Орто Азия өлкөлөрүнүн 50гө жакын жараны катышкан мушташ болду. Полиция окуя болгон жерден анын 28 катышуучусун кармады. Болжолдуу маалыматтар боюнча, мушташка катышкандардын арасында кыргызстандыктар болгон эмес. Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлү мушташ Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарынын катышуусунда болгонун билдирди.

Интерфакс агенттигинин маалыматы боюнча, мушташ Москванын Кавказ бульварында болгон. Ал тууралуу полицияга жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:18де кабарланган.

Укук коргоо органдарынын айтымдарында, мушташтын катышуучулар Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандары болушкан.

Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев Kloop.kgге курган маегинде мушташ «Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда» болгонун билдирди.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, алардын арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес, бирок азыр ал маалыматтар такталып жатат», — деди Алиев.

Korrespondent.net агенттиги билдиргендей, мушташка «спирт ичимдиктерин ичип жаткан» «Орусиянын түрдүү аймактарынан келгендер» катышышкан.

«Кайсыл бир учурда отургандар менен короо шыпыруучу болуп иштеп, ошол имаратта жашаган Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, ал бычак, балка жана башка нерселер пайдаланылган мушташка чейин жеткен», — деп жазган Korrespondent.net укук коргоо органдарындагы булагына шилтеме жасап.

Полиция мушташ болгон жерден анын 28 катышуучусун кармаган, алардын экөөсүнүн денеси зыянга учураган.

Москва ШИИБсинин басма сөз кызматынын өкүлү «Интерфакс» агенттигине жаңжал «турмуш-тиричилик себептеринен» улам келип чыкканын айткан.

Учурда полиция окуянын себептери менен чоо-жайын тактап жатат.