Орусиянын президенти Владимир Путин 14-мартта орусиялык аскерлерди Сириядан чыгарып кетүүнү буйрук кылды. Орусия Сириядагы аскердик операциясын өткөн жылдын 30-сентябрында баштаган. Kloop.kg орус президентинин чечими тууралуу азыркы учурда белгилүү болгон нерселерди бир материалга топтоду.
Кыскача:
- 15-марттан тарта Орусия Сириядан аскерлерин чыгарып баштайт. Мындай буйрукту Орусиянын президенти Владимир Путин берди.
- Бирок ага карабастан Сириянын аймагында Орусиянын эки аскердик базасы калат.
- Аскерлерди чыгарып кетүүнүн себептери тууралуу эл аралык басылмалардын пикирлери ар түрдүү болуп чыкты: Путиндин Сирияда мындан ары болуунун кооптуулугун түшүнгөндүгүнөн тарта Сириянын өкмөтүнө басым жасоо аракетине чейин.
Толугу менен:
Путиндин буйругуна ылайык, Орусия Сириядагы негизги аскердик топторун 15-марттан тарта чыгарып баштайт.
Орусиянын президенти өз чечимин орус армиясынын алдында турган Сириядагы максаттардын «жалпысынан аткарылгандыгы» менен түшүндүрдү.
Сириянын президенти Башар Асад менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Путин Орусия Сириядагы авиациялардын учууларын камсыздоо пункттарын сактап каларын айтты — «аскердик аракеттерди токтотуу режиминин сакталышын көзөмөлдөө үчүн».
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сирияда мурдагыдай эле эки орусиялык аскердик база иштей тургандыгын белгиледи — Хмеймим жана Тартус. Анын айтымында, ал базалардын жардамы менен «чет өлкөлүк өнөктөштөр менен координациялоо» ишке ашырылат.
«Америкалыктар менен ок атууну токтотуу режимин көзөмөлдөө жаатында координация ишке ашырылууда жана Хмеймим менен Тартус ал функцияларды аткаруусун улантат», — деп билдирди Песков ТАССка курган маегинде.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия Сириядан аскерлерин чыгара тургандыгы жөнүндө АКШга эскерткен эмес. Андан сырткары агенттиктин америкалык чиновниктердин арасындагы эки анонимдүү булагы АКШда Орусиянын Сириядан аскерлерин чыгарууга даярдангандыгын «байкабагандыктарын» билдиришти.
Батышта эмне деп жатышат?
Эл аралык маалымат агенттиктер менен башка басылмалар Путиндин бул чечимине түшүндүрмө табууга аракет кылышууда.
Орусиялык аскердик эксперт жана журналист Александр Гольц Deutsche Welleге Орусиянын президентинин чечимин «сабаттуу саясий жүрүш» деп билдирди. Анын айтымында, Путин «мындан ары аскерлеринин Сирияда болуп туруусунун кооптуулугун түшүндү».
«Би-Би-Синин» дипломатиялык баяндамачысы Жонатан Маркус кеп аскерлерди толугу менен чыгарып кетүү жөнүндө болбой эле деп эсептейт. Айтымында, анткени Сирияда Орусиянын эки базасы калууда: Тартустагы аскердик-деңиз базасы менен Хмеймим аэродромундагы авиабаза.
Коргонуу изилдөөлөрүнун королдук бириккен институтунун улук илимий кызматкери Игорь Сутягин «Би-би-синин» орус кызматына курган маегинде «Орусиянын акчасы түгөнгөн болушу мүмкүндүгүн» божомолдоду.
Бирок анын пикиринде, бул «коркутуп-үркүтүү аракети» да болгон болушу ыктымал: ал мындай жол менен Путин жаңжалдын тараптарына карата басымын күчөтүүнү чечкен деп эсептейт.
«Мен азыркы «Б» планынын элементтеринин бири «биз азыр кетебиз, анан баары тең биз барда кандай жакшы болгонун жана биз жокто кандай жаман болуп жатканын түшүнүшүп, бизге келип суранышат, бирок биз анда жогорку бааны талап кылайбыз» дегендей болот деп божомолдоп жатам», — деди Сутягин.
Америкалык The Washington Post басылмасы да ушундай эле пикирде. Өз материалында журналисттер Майкл Бирнбаум менен Хью Нейлор «Путиндин чечими Сириянын өкмөтүнө карат басымды күчөтүшү мүмкүн» деп жазышкан.
Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы
Орусия Сириядагы буталарын 2015-жылдын 30-сентябрынан тарта бомбалап баштаган — ага чейин Владимир Путин Орусия парламентинин жогорку палатасынан федералдык аскер кызматкерлерин чет өлкөлөрдө пайдаланууга уруксат алган.
Орусиянын бомбалоочу учактары менен кемелери Сириянын өкмөттүк аскер жетекчилери көрсөткөн объектилерге соккуларды уруп башташкан. Орусиянын коргоо министринин билдирүүсү боюнча, операция маалында орус армиясы 2000ге жакын террорчуну жок кылган.
Орусиянын расмий адамдарынын айтымдарында, операциянын максаты Сирия жетекчилигине өлкөнүн аймагындагы террорчуларга каршы күрөш жүргүзүүдө жардам берүү болгон. Батыш өлкөлөрү менен президент Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан сириялык оппозиция Орусия армиясы көтөрүшчүлөрдү бомбалап жатат деп бир канча жолу айыптаган.
Сириянын Адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө борборунун байкоочуларынын маалыматтары боюнча, Орусиянын бомбалоолору менен аткылоолорунун маалында Сириянын аймагында 1700гө жакын жайкын адам каза болгон.
Сирияда жарандык согуш 2011-жылы башталган. Азыр эл аралык күчтөрдөн сырткары ага бири-бирине каршы болгон үч тарап катышууда: президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан көтөрүшчүлөрдүн тобу, өкмөттүк аскерлер жана «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун күчтөрү.
Орусия менен АКШнын сунушу боюнча, 27-февралдан бери өлкөдө ок атууну токтотуу режими күчүндө. Ал БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан террорчул деп табылган «Ислам мамлекети» сыяктуу куралдуу топторго тиешелүү эмес.