Европа космос агенттиги менен Роскосмос  ExoMars миссиясынын алгачкы баскычын башташты. Кечээ Байкоңурдан учурулган ракета Марстын атмосферасын изилдөө үчүн керектүү модулдарды алып кеткен. Бул Кызыл планетада жашоо барбы деген суроого жооп табууга кандайча жардам бере тургандыгы — Kloop.kgнин материалында.

Ракетаны Марска эмнеге учурушту?

Марста жашоо барбы (же качандыр бир кезде болгонбу) деген суроо — азыркы космонавтикадагы башкы суроолордун бири. Планетаны ийгиликтүү изилдөө 1960-жылдардын ортосунан тарта жүргүзүлүп келет, бирок азырынча бул суроого дагы деле так жооп табыла элек.

Окумуштуулар Кызыл планетанын бетинде узактан бери жаткан муздун бар экенин билишет. Марста суунун катуу түрдө бар экендигин «Феникс» миссиясы 2008-жылы биротоло ырастаган.

Ошондой эле өткөн жылдын күзүндө планетанын бетинде суунун катуу түрүндө эле эмес, а суюк түрүндө да бар экени белгилүү болгон. Ал суу нугунун кеңейип жана ичкерип жаткандыгы көрүнүп турган сүрөттөргө жасалган анализдердин жардамы менен аныкталган. Марста орточо температуранын -140 градустан 20 градус Цельцияга чейин болуп турарына карабастан андагы суунун курамында өтө жогорку көлөмдөгү туздун бар экендигинен улам ал тоңуп калбайт.

Бул сүрөттөгү каралжын жолдор — туздуу суунун нуктары
Бул сүрөттөгү каралжын жолдор — туздуу суунун нуктары

Бирок Марста жашоонун бар экендиги тууралуу жыйынтык чыгарууга андагы суунун гана бардыгы жетишсиз.

Марстагы жашоо тууралуу бул суроого жооп берүү үчүн окумуштуулар алгач планетанын атмосферасында метандын бар-жоктугун изилдегени жатышат. Андан соң андагы топуракта органикалык заттардын бар-жоктугун изилдөө пландалууда, бирок бул 2018-жылы баштала турган кийинки миссиянын максаты.

Эмнеге метан? Бул газ Күн системасындагы ар бир планетанын атмосферасында 4,5 миллиард жыл мурда өтө көп санда бар болгон. Бирок күн нурларынын таасиринен улам метан тез эле тарап жок болот (300-600 жылда), андыктан азыр Кызыл планетадагы анын концентрациясы абдан эле аз болушу керек.

Кептин жөнү метандын тирүү организмдердин дем алуусунан иштелип чыккандыгында. Бул биогенден же бактериядан пайда болчу метан жана ExoMars миссиясынын алгачкы миссиясында дал ошону тапканга аракеттенишет. Андай газдын издеринин табылышы Марста жашоонун бардыгы тууралуу колдо бар далилдер базасын кыйла толуктайт.

Марска эмне учурулду?

2016-жылдын 14-мартында Байкоңурдан  орбиталык TGO (Trace Gas Orbiter) аппараты менен «Скиапарелли» десанттык модулдары жүктөлгөн «Протон-М» ракетасы ийгиликтүү учурулган. Бул ExoMars миссиясынын биринчи баскычынын жабдуусу, Европалык космос агенттиги менен Роскосмостун чалгындоо аппараттары. Эгер баары ийгиликтүү болсо, аппараттар Марска чейин ушул жылдын 19-октябрына чейин учуп жетишет.

TGO — Марстын орбитасына чыга турган космикалык аппарат. Марстын атмосферасындагы метандын издерин дал ошол аппарат издейт.

TGO ушундай көрүнүштө
TGO ушундай көрүнүштө

«Скиапарелли» — планетанын бетине барып коно турган конуу модулу. Аны сүрөттөөдө окумуштуулар «демонстрациялык» деген терминди колдонушууда жана анысы бекеринен эмес. «Скиапареллинин» изилдөө миссиялары жок. Модуль Кызыл планетага Марста жүрүүчү «Экзомарсты» эки жылдан кийин учурууга даярдануу үчүн жөнөтүлдү.

«Скиапарелли» ушундай көрүнүштө
«Скиапарелли» ушундай көрүнүштө

Демек, муну менен бүтпөйт экен да?

Бүтпөйт. ExoMars миссиясынын экинчи баскычы 2018-жылдын май айында башталат: ушундай эле «Протон-М» ракетасы космоско «Экзомарсты» алып жөнөйт.

Марста жашоонун бар экендиги тууралуу суроого Кызыл планетанын атмосферасында метан табылган күндө да чекит коюлбайт. Эгер миссиянын биринчи баскычы ийгиликтүү аяктаса, анда планетанын топурагын изилдөө үчүн Марста жүрүүчү «Экхомарс» жөнөтүлөт.

«Экзомарстын» прототиби
«Экзомарстын» прототиби

Эгер анда метан табылып, «Экзомарс» ийгиликтүү конуп, органикалык жашоонун издерин тапса, анда андагы кыртыштын үлгүлөрүн кайра Жерге жөнөтүү аракети көрүлөт. Ооба, «Масианин» тасмасынын дал өзүндөгүдөй.

Миссиянын артында ким турат?

ExoMars долбоору тигил же бул түрүндө 2000-жылдардын башынан бери иштеп келет. Бирок миссиянын үстүнөн алгачкы жумуштар Европалык космос агенттиги Роскосмос менен келишимге кол койгон 2009-жылы гана башталган.

2012-жылга чейин долбоорго НАСА да катышып келген, бирок каржылоонун жетишсиздигинен улам агенттик келишимден чыгып кеткен. Жалпысынан миссияга 1 миллиард евро жумшалат.

ExoMars-1024x683-696x464

ExoMars миссиясынын эки баскычын тең Орусия тарап «Протон-М» ракеталары, TGO жана «Экзомарс» аппараттары үчүн илимий шаймандар менен камсыз кылат. Европалык космос агенттиги TGO, «Скиапарелли» жана «Экзомарс» аппараттарынын өзүлөрү менен камсыз кылат.