«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн башчысы Мурат Божокоев прокуратурага арыз менен кайрылды. Ал гезиттин мурдагы редактору Геннадий Кузьминге каршы кылмыш ишин козгоону өтүнүүдө — Божокоевдин айтымында, Кузьмин басма үйдүн баалуу кагаздарын сатып алууда миллион сомго жакын каражат төлөгөн эмес.
«Вечерний Бишкектин» азыркы директорунун айтымында, басылманын мурдагы редактору Геннадий Кузьмин менен «Рубикон» компаниясынын мурдагы башкы директору Александр Ким 2015-жылдын 21-январында басылманын баалуу кагаздарын сатып алуу-сатуу боюнча 999 миң 40 сомдук бүтүмгө келишкен. Бирок Геннадий Кузьмин баалуу кагаздарга ээ болуу менен алар үчүн акча төлөгөн эмес.
Буга байланыштуу Мурат Божокоев 14-мартта басылманын мурдагы редакторуна каршы «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Ал беренеге ылайык, Кузьмин коомдук же түзөтүү жумуштарына тартылышы мүмкүн. Аракеттердин мүнөзүнө жараша айып пул төлөтүү же беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары да каралышы ыктымал.
Ленин райондук прокуратурасынын кызматкеринин айтымында, учурда Божокоевдин арызы кароо баскычында.
Божокоев иштин чоо-жайы тууралуу телефон аркылуу билдирүүдөн баш тартып, кеңири жооптуу Kloop.kgнин кабарчысы менен жеке жолугушуусунда бере тургандыгын убадалады.
Геннадий Кузьмин «Вечерний Бишкек» гезитинин башкы редактору кызматында 2015-жылдын сентябрынан бери иштебейт. Азыр ал «Промедиа» коомдук фондун жетектейт жана «Zanoza» маалыматтык-мультимедиялык порталындагы материалдардын автору. Гезиттин маалыматы боюнча, ал бүгүнкү күндө да басма үйдүн акционери болуп саналат.
Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн «Zanozaнын» редакциясы жана Кузьмин менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
«Вечерний Бишкек»: соттор жана менчик ээсинин алмашуусу
«Вечерний Бишкектин» айланасындагы талаш-тартыштар 2014-жылдын сентябрынан бери токтобой келет — андан бери басылмага каршы жүздөгөн миллион сомго бир нече соттук доо арыз жазылган. Алардын эң ириси — 450 млн. сомго — негиздөөчүлөрдүн бири катары өз укугун калыбына келтирүүнү каалаган басылманын мурдагы ээлеринин бири Александр Рябушкиндин доо арызы болгон.
Басылманын редакциясы аны рейдердик басып алуу жана бийликтин «гезитти талкалап, нормалдуу иштөөсүнө мүмкүндүк бербөө» аракети деп атаган.
Соттук териштирүүлөрдөн кийин 2015-жылдын августунда Бишкек шаардык сотунун чечими менен Рябушкинге «Вечерний Бишкек» Басма үйү» ЖАКсынын акцияларынын 65%ы жана «Рубикон» Жарнамалык фирмасы» ЖЧКсынын акцияларынын 50%ы берилген.
Гезиттин башкы редактору кызматтан өз каалоосу менен кеткен, а vb.kg интернет-басылмасынын редактору Дина Маслова «Zanoza» аталышындагы маалыматтык-мультимедиялык порталын негиздеген.
Сүрөт: Азамат Каработоев