Орусиялык теннисчи Мария Шарапова Бириккен Улуттар Уюмунун ыктыярдуу элчилик милдетин аткаруудан четтетилди. Бул спортчу кабылган допинг чуусунун фонунда болууда.

БУУнун өнүктүрүү программасынын басма сөз кызматы Reuters агенттигине иликтөө иштери аяктаганга чейин Шарапова эл аралык уюмдун ишмердүүлүгүнө катыша албай тургандыгын билдирди.

«Биздин иштерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ Мария Шараповага ыраазычылык билдирет, өзгөчө Чернобыль курмандыктарына жардам берүүгө байланышкан маселеде. Биз Шарапова айымга бардык жакшылыктарды каалайбыз», – деди БУУнун өнүктүрүү программасынын басма сөз катчысы.

Шарапова 2007-жылы БУУнун ыктыярдуу элчилик милдеттерин аткарып баштаган. Теннисчи 1986-жылдагы Чернобыль авариясынан жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү программасына катышкан.

Reuters агенттиги билдиргендей, Шарапованын БУУнун расмий сайтындагы баракчасы 15-марттан тарта ишин токтоткон.

Ыктыярдуу элчилик милдетин аткаруудан четтетүүгө допинг колдонууга байланышкан жаңжал себеп болду. Шарапова Австралиянын 2016-жылдагы ачык биринчилигинде допинг-тесттен өтпөй калган.

Теннисчи 7-марттагы расмий маалымат жыйынында 2016-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынган заттардын тизмесине киргизилген меольдоний дарысын он жылдан бери колдонуп келгендигин мойнуна алган.

Айтымында, ал «дарынын тизмеге киргизилгенин байкабай калган». Катасын мойнуна алуу менен спортчу антидопинг агенттиги менен кызматташуу каалоосун билдирген.

Ал мельдонийди колдонгондугун мойнуна алгандан кийин тыюу салуулар башталган — эл аралык теннис федерациясы спортчунун мелдештерге катышуусуна убактылуу тыюу салган; Porsche немис компаниясы Шарапованын катышуусундагы бардык иш-чаралар болбой тургандыгын билдирген, а швейцариялык TAG Heuer саат компаниясы менен спорттук кийим-кечектерди өндүргөн Nike компаниясы жарнамалык келешимдерин убактылуу токтоткон.

Мария Шарапова — орусиялык теннисчи, Чоң туулга мелдешинин беш жолку жеңүүчүсү жана Лондондо өткөн 2012-жылдагы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси. Ал 2015-жылы Forbes журналынын версиясы боюнча кезектеги жолу эң бай спортчулардын тизмесинин алдыңкы сабына жазылган. Өткөн жылы Шарапова дээрлик 30 миллион АКШ долларын иштеп тапкан.