Instagram социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү жарыяланган билдирүүлөрдү көрсөтүү алгоритмин өзгөртө тургандыктарын билдиришти — колдонуучулар тизмекте өздөрү кызыккан темалардагы популярдуу жарыялар менен жакшы досторунун билдирүүлөрүн көрүшөт. Иштеп чыгуучулардын айтымдарында, тизмекте калган билдирүүлөр да болот, болгону аларды көрсөтүүнүн кезектүүлүгү өзгөртүлөт.

Социалдык түйүндүн өкүлдөрү өздөрүнүн расмий блогунда билдирүүлөрдүн жаңылануу тизмегин колдоо техникалык жактан оор болуп баштагандыгын, анткени күн өткөн сайын жарыялоолордун саны өсүп жатканын билдиришти.

Иштеп чыгуучулар жакынкы убактарда тизмекке чыга турган билдирүүлөрдүн кезектүүлүгүн өзгөртө тургандыктарын айтып түшүндүрүштү. Эми билдирүүлөрдүн тизмеги хронологиялык тартипте эмес, а популярдуулук даражасы боюнча жайгашат.

«Сиз өзүңүз үчүн баарынан да кызыктуу болгон адамдардын жарыялоолорун көрөсүз. Тизмекте сүрөттөр менен видеолордун кезектүүлүгү сиздин белгилүү бир адамдарга болгон кызыгууларыңыз менен артык көргөн нерселериңизден тандалып алынат. Эгер сиздин сүйүктүү музыкантыңыз акыркы концертиндеги сүрөтү менен бөлүшкөн болсо, анда аны сиз эртең менен ойгоноор замат көрөсүз», — деп жазган Instagramдын өкүлү.

Башкача айтканда, Instagram азыркы учурда Facebook менен Twitter иштеп жаткан схема боюнча иштеп баштайт.

Америкалык Mashable басылмасынын журналисти Кристина Уоррендин айтымында, 400 млн. колдонуучу базасына ээ Instagram жарнамалык билдирүүлөрдү эске албаганда колдонуучулардын билдирүүлөрү хронологиялык тартипте көрсөтүлө турган көп эмес социалдык түйүндөрдүн бири.

Өз билдирүүсүндө Уоррен Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрүнүн алгоритмдерин мындай өзгөртүүсү колдонуучуларынын нааразычылыктарын жаратканын баса белгилеген.

«Колдонуучуларга мындан ары өз сүрөттөрүнүн пайда болуу тартибин көзөмөлдөй албай калгандыгы жакпашы мүмкүн», — деди ал.

Instagramдын негиздөөчүлөрүнүн бири жана башкы директору Кевин Систром The Times басылмасына курган маегинде соцтүйүндү жаңылоого бир канча убакыт кете тургандыгын айтты.

«Бул адамдар эртең менен туруп эле башка Instagramды көрүп кала тургандай эмес», — деди Систром.

Instagram алгач Кевин Систром менен Майк Кригер тарабынан негизделген Burbn деген аталыштагы стартап болгон. Кийинчерээк негиздөөчүлөр долбоордун багытын тез бөлүшүү функциясы бар мобилдик сүрөттөргө өзгөртүү чечимине келишкен.

Тиркеме Apple компаниясынын App Store дүкөнүндө 2010-жылдын 6-октябрында пайда болгон. Андан бери iPhone колдонуучулары аны дээрлик 30 млн. жолу жүктөп алышкан. Instagram Android базасында иштеген смартфондор үчүн 2012-жылы гана жеткиликтүү болгон. Ошол эле жылы социалдык түйүндү 1 млрд. АКШ долларына Facebook сатып алган.