Кыялдарыбызда элестетип көрсөк Бишкектин жадатма курулуштары чыныгы көрүнүшүнөн кыйла башкача болуп көрүнүшү мүмкүн. Kloop.kgнин редакциясы шаардыктар арасында борбордогу имараттарды көргөндө эмнелерди элестете тургандыктары боюнча сурамжылоо жүргүздү.

«Учуучу тарелка»

09

«Бул имараттын жанынан өткөн сайын анын чатыры бөлүнүп, учуп кете тургандай сезиле берет!»

— Анара, 23 жашта.

«Пиццанын бөлүгү»

04

«Бул имараттын чатыры мага эле пиццанын бир бөлүгүндөй көрүнүп жатабы?»

— Шаардын ачка тургуну Айбек.

«Оптимус Прайм»

06

«Оптимус Праймдын башына абдан окшош. Анан да жакында менин туулган күнүм, ээ апа?»

— Егор, 5 жашта.

«Менин уулум трансформерлерди көп жолу көргөн. Чынын айтканда, аны чогу көргөнбүз — ал тасмадагы эффектилер мага абдан жагат. Егорканын текчелеринин бардыгы тең трансформерлерге толгон. А качан ал жаңы курулуп жаткан үйлөрдү көргөндө дароо эле анда трансформер жашынып алганын айтып баштайт».

— Егордун апасы.

«Шоколад»

05

«KICB «Россия — щедрая душа» шоколадындай бүт күрөң. Жегиң келип кетет. Сейилдеген сайын бул имараттын жанынан жөн өтүп кете албайм. Мында архитектурасы да өзгөчө, жайгашкан жери да жакшы ориентир, маршруткадан түшүү керек болгондо эч качан жаңылбайсың».

— Ахат, 23 жашта.

«Мышык»

01

«Чынын айтсам мен мышыктарды анча жакшы көрө бербейм, бирок бул үйдүн чатыры кызык — мышыктын  кулактарына окшош. Мен бул көп кабаттуу үйдө жашап жатканыма аз эле болду, бирок дайыма аны ушул кулактарынан тааныйм. Балдарым да «мышык үйдө» жашайбыз деп айтып калышат».

— Айнагүл, 32 жашта.

«Слонопотамия»

08

«Бир аз баңгилик, анан мына, көз алдыңарда пилдердин башын элестеткен түтүктөр! Мен бул үйдүн тумшугу менен кулактары бар деп эсептейм. Кезинде советтик архитекторлор биздин курулуштарда эксперименттерди жасоодон коркушкан эмес. Ошентсе да ал кызык — шыктандыра турган бир нерсе бар. Мындай көп эле жерден көрө бербейсиң».

— Дина, 15 жашта.

«Кит-Кат»

07 (1)

«Бул эски курулуштун түркүктөрүн «Кит Каттын» эки плиткасы алмаштыра алат. Окшош да, чынбы? Мен коңшу үйдө жашайм жана күн сайын эртең менен шоколаддуу үйдүн көрүнүшүнө суктанам».

— Адинай, 20 жашта.

«Лувр»

03

«Кимдир бирөө муну масондук үч бурчтук деп ойлойт, а мага эмнегедир бул Луврдай сезиле берет. Эх, дароо эле Парижди эске салат!»

— Маргарита, 40 жашта.

«Боо тагып байла»

02

«Мен бул жактан көп өтөм — алыс эмес жерде иштейм. Бул имараттагы майда тешиктердин эмне үчүн керектигин түшүнбөйм. Балким алар желдетүү үчүн пайдаланылаттыр? Бирок мен оюмда боолорду тагып, кээде аларды байлагым келип кетет»

— Анвар, 23 жашта.

Авторлор: Хамида Малянчинова жана Анастасия Ласкина