Бир эле иш менен 20, ал эмес 30 жылдан ашык алектенген адамдардын колдору кандай болорун элестетип көрдүңүз беле? Kloop.kgнин кабарчысы түрдүү кесиптеги адамдардын колдорун сүрөткө тартып, алардын баштан өткөргөн окуяларын угуп келди.

Айсулуу Абирова, медайым, иш тажрыйбасы — 35 жыл.

1_Abirova_med

Абирова Бишкектеги медициналык окуу жайды аяктаган. Ал бала кезинен эле медайым болуп иштөөнү кыялданганын билдирди.

«Бир жолу бейтаптын далысына банкаларды коюп, унутуп калыптырмын. Бейтап да эч нерсе айткан эмес. Эртең менен ийне саюу үчүн кирсем ал: «Банкаларды качан аласыңар?», деп сурап жатпайбы. А негизи аларды 10 мүнөттөн кийин эле алуу керек болчу».

Афтандил Султанов, дирижёр, иш тажрыйбасы — 33 жыл.

2_Sultanov_Dirij

Султанов аскердик оркестрдин дирижёру болуп иштеген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. Жылдар өтүп, колдору калтырай баштаганда балдарды коргоо борборуна музыка мугалими болуп орношкон.

«Мага кесибим жагат. Анткени музыка бардыгына тең жагат. Ошондуктан музыкант болгом. Өз ишиңди гана жакшы билбестен музыканы сезим менен да ойноо керек. Бир жолу гастролдо жүргөндө поездге беш мүнөт кечигип калып, бир күн бою бекетте отургам. Ал окуяны эч унутпайм».

Бейгазы Ибрагимов, кароолчу, иш тажрыйбасы — 35 жыл.

2_Sultanov_Dirij

Ибрагимов Кыргыз Мамлекеттик университетинде дене тарбия мугалими кесибин окуган. Окууну аяктагандан кийин бир канча убакыт слесарь болуп иштеп, кийин коопсуздук кызматына кирип, ошондон бери кароолчу болуп иштейт.

«Кош-Дөбө айылындагы мектепте кароолчу болуп иштеп жүргөн күндөрдүн биринде адаттагыдай эле өз нөөмөтүмдө отургам. Эшик караңгы. Анан кимдир бирөө жүргөндөй үн угулду. Уурулар келди деп ойлоп, союлду алып үн чыккан тарапты көздөй бастым. Барып карасам мени тиктеп эчки туруптур. Эртеси ал эчкинин ээси — мектептен алыс эмес жашаган Адыл деген киши экени белгилүү болгон».

Вячеслав Симонов, слесарь, иш тажрыйбасы — 45 жыл.

2_Sultanov_Dirij

Симонов борбордогу автожол техникумун аяктаган жана слесарь болуп көптөн бери иштейт.

«Мен жаш кезимде эле слесарлык менен алектенчүмүн. Бир жолу устундарды араалап жатып кесип аткан аппаратты байкабай калып, колумду кестирип алгам. Жанымда досум бар болчу, ал мени унаасы менен оорукана жеткирип, дароо колума операция жасашып, тигип беришкен. Алгач колумду кыймылдата алчу эмесмин, кийин көнүп кеттим».

Токтобүбү Калыгулова, мектепте пол жуугуч, иш тажрыйбасы — 35 жыл.

2_Sultanov_Dirij

«Бир жолу мен музыка бөлмөсүнүн полун жууп, бүткөндөн кийин эшикти жабайын деп ачкычын таппай калгам. Көпкө издегем, кароолчу да жок болчу. Ошол учурда менин кызым ооруп жаткан. Анан мен бөлмөнү Кудайга тапшырып, эшигин ачкыч менен бекитпестен эле кетип калууга аргасыз болгом. Эртеси эч нерсе уурдалбады болду бекен деп эртерээк барып карасам ачкыч партанын үстүндө туруптур».

Таалай Мамбетов, сүрөтчү, иш тажрыйбасы — 41 жыл.

6_Mambetov_surot

Мамбетов борбордогу көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Ал окуп жүргөн кезде болгон окуяларынын бирин айтып берди.

«Түн ичинде балдар жатаканада бири-биринин беттерин боеп, эртеси күзгүдөн өздөрүн көрүп күлүп, беркилер шылдыңдашчу. Биздин группада Жолдошбек деген бала менен бир орус кыз бар болчу. Күндөрдүн биринде Жолдошбек тигил кызга мине коюп, ал кыз абдан күчтүү болчу, аны көтөрүп экинчи кабаттан ыргытып жиберген. Анын баш мээси чайкалып, андан кийин антип тамашалабай калган».

Темиркул Эгебаев, айдоочу, иш тажрыйбасы — 30 жыл.

7_Egebaev_vodit

Эгебаев автомектепти аяктаары менен айдоочу болуп иштей баштаган.

«Башында мен чоң унааларды айдачумун. Бир жолу Балыкчыга бара жатып жолдон май куюу жайына кирип, май куюп бүткөн соң кайрадан Бишкекти көздөй кетип калыптырмын. Жолдон бир киши тосуп, Токмокко чейин ала кетүүмдү өтүндү. Мен ага Балыкчыга бара жатканымды айтсам ал: «Балыкчы ал тарапта эмес» деп атпайбы. Ошондо эсиме келип, кайра артка кайрылгам».

Гүлмира Матказиева, акушер, иш тажрыйбасы — 20 жылдан ашык.

8_Matkazieva_akusher

Матказиева Токмоктогу медициналык окуу жайда билим алган.

«Бир жолу бир аялдын көз жарганы эсимде. Ал төрөгөндөн кийин колун төшүнө коюусу керектигин айттым. А ал төшүн капталдарынан издей баштады. Мен ага: «мына сенин төшүң» десем, ал: «төрөгөндөн кийин төшүңдүн каята экенин унутуп калат экенсиң», деп жооп берип жатпайбы».