Кыргыз студенти салттуу оймо-чиймелерди Nike компаниясынын заманбап дизайны менен айкалыштырып, футбол боюнча улуттук кураманын формасынын концептин иштеп чыкты. Kloop.kg  жаш дизайнер менен долбоордун кантип иштелип чыккандыгы жана Кыргызстан курамасынын азыркы формасынын кемчиликтери эмнеде экендиги тууралуу маектешти.

Адам Усупов — Саксион университетинде билим алып жаткан кыргыз студенти. Ал университеттеги сабактардын бири үчүн жеке долбоор катары футбол боюнча Кыргызстан курамасынын формасынын концептин иштеп чыккан.

Финалдык концептин негизин түзгөн чиймелер
Финалдык концептин негизин түзгөн чиймелер

Kloop.kgнин редактору Азамат Өмүралиев студент менен футбол курамасынын азыркы формасы, Bigser Sportтун ийгиликсиздиги жана спорттук кийим-кечектерди өндүрүү тууралуу маектешти.

Кыргызстан курамасынын азыркы формасы тууралуу

Маданий элементтерин камтып, өзгөчөлөнүп турган башка футбол командаларынын формаларын көрүп: «эмнеге Кыргызстандын улуттук курамасы бай тарыхы менен маданиятын элестетип көрсөткөн формага ээ эмес?», деген ойго келдим.

Анын себеби футбол боюнча кыргыз курамасынын формасын даярдаган спорттук кийимдерди чыгаруу менен алектенген Joma испан компаниясы — ал формада кыргыз маданиятын көрсөтүүгө эч кандай аракет жасаган эмес. Joma Кыргызстандын формасын өзгөчөлөнтүүгө аракеттенбестен эле жөн гана даяр футболкалардын бирине Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын (КРФФ) эн тамгасын коюп койгон.

Футбол боюнча улуттук курама өз талаасында ойноочу формасы менен
Футбол боюнча улуттук курама өз талаасында ойноочу формасы менен

Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын формасы тууралуу

Чынын айтсам, өлкөнүн олимпиадалык курамасынын формасындагы салттуу оймо-чиймелер сапаттуу пайдаланылган эмес деп эсептейм. Мен Bigser Sportко сын көз караш менен карайм, анткени алардын дизайны абдан эле артта калган. Аларда заманбап эч нерсе жок, азыр эл аралык чоң компаниялардын формаларында болушунча аз графикалык элементтерди кошуу абдан күч алып жаткан учур.

Эгер Bigser Sport өз кийимдеринин концепциясын өзгөртсө, алардын продукциясына суроо-талап өсөт эле. Мага алар жасаган олимпиадалык кураманын формасы жаккан эмес. Ооба, анда дизайндын салттуу элементтери бар, бирок алар шайкеш келген эмес.

Nike жана эргүүлөр тууралуу

Nike компаниясы спортко, өзгөчө футболго таасир эткени менен мени дайыма таң калтырып келет. Nike өз кийим-кечектерине дайыма таза, минималдуу жана заманбап көрүнүш берет. Дизайн жана функционалдуулук жагынан алганда компания дайыма өз продуктуларын өнүктүрүп турат.

Nike дүйнө жүзү боюнча жогорку класстагы командалар менен спортчулардын арасында абдан чоң зоболого ээ. Анын дизайнерлери сатып алуучулары үчүн эң сапаттуу продуктуларды түзүүнүн үстүнөн абдан түйшүктөнүп иштешет.

Көптөгөн мисалдардын бири 2012-жылы болгон футбол боюнча Европа чемпионатындагы Хорватия улуттук курамасы эсептелет. Анда команданын формасын чемпионаттагы эң мыктылардын бири деп табышкан болчу. Мен долбоорум Nikeтын дизайнынын принциптерине негизделсе дейм, анткени компания спорттук кийим-кечектер базарында мыкты продуктуларды сунуштайт.

Адамдын концебинин акыркы версиясы ушундай көрүнүшкө ээ
Адамдын концебинин акыркы версиясы ушундай көрүнүшкө ээ

Салттуу кыргыз оймо-чиймелерин пайдалануу тууралуу

Мен пайдалангым келген оймо-чиймелер ийгилик менен бактылуу тагдырды символдоштурган аркардын мүйүздөрүнүн салттуу сүрөттөрү болуп эсептелет.

Менимче, формага туура келе турган дагы бир оймо-чийме шумкардын оймосу. Кураманын аталышы «Ак Шумкар». Мен бул оймо-чиймелерди пайдалануу кыргыз маданияты менен улуттук ар-намысты натыйжалуу демонстрация кылуу үчүн мыкты идея болмоктугуна ишенем.

План салттуу кыргыз дизайнын Nike компаниясынын продуктуларында пайдаланылган заманбап элементтер менен айкалыштырууда.

Өз талаасында жана конокто ойноочу формалар тууралуу

Азыр кыргыз курамасынын өз талаасында ойноочу формасынын түсү — ак жана көгүш, алар Кыргыз Республикасынын гербиндеги түстөр. Конокто ойноочу формасынын негизги түсү — (мурда үйдө ойноочу форманын түсү болгонуна карабастан) кызыл. Кызыл түстү үйдө ойноочу форманын түсү катары сактап калуу керектигине ишенем, анткени ал кыргыз элине жакын, биздин желектин түсү да кызыл эмеспи.

Кыргыз футболчулары конокто ойноочу кызыл формада
Кыргыз футболчулары конокто ойноочу кызыл формада

Үйдө ойноочу футболдук формалардын көбү өлкөнүн желегиндеги түсүнө негизделет, ошондуктан кызыл түс артыкчылыкка ээ болушу керек. Анын ордуна өлкөнүн гербиндеги негизги түстөр болгон ак менен көктү конокто ойноочу формага берсе болот.

Буга чейинки эмгектери тууралуу

Бул менин алгачкы долбоорум эмес: мен Бишкектеги мектебим үчүн баскетбол жана футбол формаларын түзгөм, кийин аны Bigser Sport тигип чыккан. Ошондой эле мен графикалык дизайн менен алектенем, ошондуктан чүпүрөк пайдаланылбаган долбоорлорум да болгон: түрдүү компаниялар үчүн эн белгилерди же досторум үчүн плакаттарды иштеп чыгуу.

Адам Усупов — Голландиядагы кыргыз студенти
Адам Усупов — Голландиядагы кыргыз студенти

Концепти компанияларга сатуу тууралуу

Чынында Nike менен Кыргызстандын футбол федерациясынын кызматташтыгын көрүү албетте сонун болмок, бирок андай болушуна ишенүү кыйын. Биздин курама Nike компаниясынын формасын кийгидей жетиштүү деңгээлдеги чоң макамга ээ эмес. Менде концепти сатуу пландарым жок, болгону бул долбоорду федерацияга көрсөткүм келген.

Сүрөттүн булагы: КРФФ