Жыл сайын Колумбия университетинин алдындагы Жер институту эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтингин жарыялайт. 2016-жылы Кыргызстан 157 өлкөнүн ичинен 85 орунга ээ болгон. Kloop.kgнин редакциясы «бактылуулук» деген абстрактуу түшүнүктүн индексинин кантип өлчөнө тургандыгы боюнча материал даярдады.
Адатта бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги жыл сайын 20-мартта белгилене турган Эл аралык бакыт күнүнүн алдында жарыяланат. Аны дүйнө өлкөлөрү жарандарынын бактылуураак болушу үчүн кандай шарттарды түзүп берип жаткандыктарын изилдөө үчүн Колумбия университетинин алдындагы Жер институту түзөт.
Бактылуулуктун абстрактуу түшүнүк экендигине жана аны ар кимдин ар башкача түшүнгөнүнө карабастан изилдөөчүлөр жыл сайын тигил же бул өлкөнүн бактылуулук деңгээлин аныктоого мүмкүн болгон индикаторлорду иштеп чыга алышкан.
Бактылуулукка эмнелер таасир этет?
Эмгек өндүрүмдүүлүгү
Биринчи кезекте изилдөөчүлөр өлкөнүн ар бир адамга болгон ички дүң өнүмүнүнө (ИДӨ) көңүл бурушат. Адатта ал төмөндөгүдөй жол менен аныкталат — өлкө аймагында өндүрүлгөн бардык товарлар менен кызматтардын базар баалары аныкталып, ал жалпы калктын санына бөлүнөт.
Күтүлгөн жашоо узактыгы
Эреже катары, күтүлгөн жашоо узактыгы дегенде адам жашай ала турган жылдардын санын түшүнүүгө болот. Бул индикатор калктын өлүмдүүлүк деңгээлин көрсөтөт. Ал көрсөткүчтөрдү жыл сайын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму изилдейт.
Социалдык колдоо
Бул индикатор жөнүндө кеп кылганда мамлекет тарабынан калктын түрдүү катмарларына көрсөтүлгөн колдоону эмес, а адамдардын бири-бирине карата көрсөткөн колдоолорун түшүнүүгө болот.
Бул индикатор үчүн башкы суроо: «Сиздин досторуңуз менен тааныштарыңыздын арасында жашооңуздагы оор учурларда таяна ала турган адамдар барбы?»
Жарандык эркиндик
Эркиндик деңгээли соцсурамжылоолордун жардамы менен адамдарда өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүндүгүнүн бар-жоктугун жана алардын өз эркиндиктерине ыраазы же ыраазы эмес экендиктерин билүү менен Эл аралык Гэллап изилдөө борбору тарабынан аныкталат.
Коомчулук ишеними
Бул индикатордо жарандардын бийликке болгон ишенимдери, ошондой эле коррупциянын бар-жоктугу жана анын мамлекеттик органдар менен жеке ишкерликте жайылыш деңгээли эске алынат.
Кайрымдуулук
Бул категориянын көрсөткүчтөрү: «Акыркы айда кайрымдуулук кылдыңыз беле?», деген жөнөкөй гана суроонун жоопторунун негизинде аныкталат.
Дагы эмнелер эске алынат?
Окумуштуулар бактылуулук адам ишмердүүлүгүнүн башка тармактарын да өзүнө камтый тургандыгын ачык эле мойунга алышат, ошондуктан 157 өлкөдө дагы өзүнчө сурамжылоо жүргүзүлөт.
Жыл сайын ар бир өлкөдөн 1000ден адам бактылуулук деңгээлин атайын шкала боюнча баалашат. Аларга нөлдөн онго чейин сандар жазылган тепкичти элестетүүнү сунушташат. Сурамжылоого катышып жаткандар өз пикирлери боюнча учурда кайсыл жакта экендиктерин көрсөтүп, сандар коюлган тепкичтин тийиштүү баскычын тандоолору керек болот. Эреже катары, тепкичтин эң бийик жери — бул жашоо менен бактылуулуктун эң бийик деңгээли болот. Алар ошондой эле өз жашоосунун оң жана терс жактарын да баалашат.
Бактылуулукту өлчөө жолдору ушуну менен эле бүтүп калбайт. Жөнөкөй сурамжылоо жашоонун маңызы менен максаты тууралуу дагы эки-үч суроо менен коштолот. Изилдөөчүлөр байыркы грек философу Аристотелдин «евдемонизм» тууралуу окууларына таянуу менен жашоонун маңызынын же кандайдыр бир максаттарынын бар экендиги позитивдүү эмоцияларды иштеп чыгууга түрткү болуп, бактылуулуктун деңгээлин жогорулатат деп божомолдошот.
Андан соң бардык топтолгон баалар кошулат да ар бир өлкө үчүн орточо упай эсептелип чыгарылат.
Быйыл рейтингдин сап башына кайсыл өлкө жазылды?
2015-жылдын жыйынтыктары боюнча чыгарылган бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинин сап башына 2014-жылы үчүнчү орунду ээлеген Дания жазылган. ИДӨнүн деңгээли боюнча ал Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Швейцарияга жетпейт, бирок калган бардык факторлордун суммасында ал өлкөнүн жашоочуларынын бактылуулук деңгээли жогору болуп чыккан.
Өткөн жылы лидер болгон Швейцария быйыл Данияга бир аз утулуп, экинчи орунга түшкөн. А Исландия экинчи саптан үчүнчү сапка түшкөн.
Бир караганда алдыңкы позицияларды Европа өлкөлөрү гана ээлегендей сезилет, бирок эң бактылуу өлкөлөрдүн башкы ондугунда Австралия менен Канада да бар.
Бактылуулук деңгээли боюнча Кыргызстан 85-орунда. Коңшу Казакстан 54чү, а Өзбекстан — 49-орунда.
Экономикалык каатчылыкка жана башка өлкөлөр менен болгон мамилесинин туруксуздугуна карабастан Орусияда бактылуулук деңгээли кыйла жогорулап, өлкө рейтингдин 56-сабына жазылган — былтыр ал 64-орунда болчу.
АКШ быйыл 13-орунга жазылган. Ал өлкөдө бактылуулуктун деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу эки позицияга төмөндөгөн.
Бактылуулуктун деңгээлинин өзгөрүүсү көрсөтүлгөн белгилүү бир мезгил үчүн (2005-2007-жылдар жана 2013-2015-жылдар) чыгарылган салыштырмалуу таблицада Кыргызстан алдынкы жыйырмалыктын катарына жайгашкан. Отчетко ылайык, өлкөдө жыл өткөн сайын бактылуулуктун деңгээли өсүүдө, бирок өткөн жылга салыштырганда Кыргызстан сегиз позицияга төмөндөгөн.
Гэллап изилдөө борборунун Чыгыш Европа, Орусия жана КМШдагы координатор-директору Андрей Милехиндин пикиринде, бактылуулук индексинин көрсөткүчтөрү учурдагы абалы жакшырып, өнүгүү байкалган өлкөлөрдө өсөт.
«Башкача айтканда, бактылуулук индекси адилеттүүлүк менен үмүт сезилген жерлерде өсүүдө», — дейт Милехин.