Ички иштер министрлиги жолдордогу эреже бузууларды каттап, коррупцияны азайтуу үчүн видеорегистраторлорду киргизе баштады. Кайгуул милициясынын кызматкерлери үчүн министрлик 10 млн. сомго 500 видеорегистратор сатып алды.

Кызматкердин төшүнө тагыла турган толук топтомдуу бир видеорегистраторду сатып алууга мамлекет бюджетинен 19 миң 210 сом жумшалган. Кыргызстан базарында мүнөздөмөлөрүнө жана өндүргөн фирмасына жараша жабдуунун баасы 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин жетет.  

Кайгуул милициясынын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов Kloop.kgге жабдуунун арзан эместигин сатылып алынган видеорегистраторлордун  GPS, эки батарея, 16 гб эс тутум, сүрөткө тартуу сыяктуу көптөгөн функциялары бар экендиги менен түшүндүрдү.

«Андан сырткары анын ичинде түнкүсүн тартууга мүмкүнчүлүк бере турган инфракызыл нурлар бар — 10 метр аралыкта адам көрүнөт, а беш метрден адамдын бети толук таанылат, тактап айтканда, жарык таптакыр жок учурда аны таанууга мүмкүн болот», — деди Саркулов Kloop.kgге курган маегинде.

500 видеорегистратордун баасы 9 млн. 605 миң сомду түзгөн. Саркулов ал жабдуулардын өзүлөрүнөн сырткары алардын толук кандуу иштеши үчүн ИИМ кошумча жабдууларды да  сатып алганын кошумчалады.

«Ар бир бөлүм үчүн коштоочу жабдуулар тийиштүү — бул аудио жана видео сигналдарды берүү үчүн программалык камсыздоолору менен үч сервер — ар бир даанасы 50 миң сомдон — жана видеорегистратордон маалыматтарды топтоо үчүн 81 миң 645 сомдук үч терминал», — деп түшүндүрдү Саркулов.

Кызматка видеорегистраторлордун киргизиле тургандыгы жөнүнө ИИМ 2015-жылдын августунда эле билдирген. Ошол эле жылдын декабрында Жол кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко жабдуу коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга жардам бере тургандыгын айткан.

«Айрым айдоочулар кандайдыр бир күбөлүктөрүн көрсөтүү сыяктуу аракеттери менен инспекторлорду коркутуп баштай тургандыгы сыр эмес. Менин оюмча, бул жабдуулар айдоочулардын ЖККнын мыйзамдуу талаптарына баш ийиши үчүн кызмат кылат», — деп билдирген ал.

Видеорегистраторлор Кытайда, Түркияда, Казакстанда жана Орусиянын айрым аймактарында пайдаланылат.

Биринчи баскычында жабдуулар Бишкектин, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жол милиция кызматкерлерине берилет. 1-июлдан тарта алар башка аймактар үчүн да сатылып алынат. Азырынча экинчи баскычта сатылып алына турган видеорегистраторлордун саны белгисиз. ИИМдин жол кызматынан ал «каржылоого жараша болорун» айтып жатышат.