16-мартта Бишкектин таштанды төгүү жайынан канга боёлгон джинсыга оролгон жаңы төрөлгөн наристенин сөөгү табылган. Милиция ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүүдө.

Наристенин жансыз денесин 16-март күнү эртең менен шаардык таштанды төгүү жайында желим бөтөлкө чогултуп жүргөн киши тапкан, деп билдирди Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев.

«Ал жакта негизинен адамдар бөтөлкө сыяктуу түрдүү нерселерди чогултуп жүрүшөт. Алардын бири ичинде канга боелгон джинсы бар мүшөк таап, ага оролгон ымыркайдын жансыз денесин көргөн», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Андан соң ал адам наристенин денесин халатка ороп, таштанды төгүү жайынын сыртына алып чыгып, милицияга телефон чалган. Андан соң ал жакка милиционерлер менен бирге соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери барышкан.

Казыбаев билдиргендей, учурда ымыркайдын сөөгү өлүк сактоо жайында. Эксперттер анын качан чарчап калганын тактап жатышат, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

«Таштанды төгүү жайындагы адамдар суралып, кандай унаа, кайсыл убакта баргандыгы такталат», — деп кошумчалады ал

Бул март айынын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси таштандылардын арасында табылган экинчи учур. 10-мартта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Алма-Ата көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинен ымыркайдын баштыкка салынган денесин табышкан.