17-мартта Бишкектеги ЖЭБдин отсектеринин бириндеги көмүр аралашмасынын агындысынан улам эки киши жабыркады. Алардын бири денесинен 90% күйүк алган. «Электр станциялар» ишканасынан ЖЭБде от тутанбагандыгын билдиришип, анда «өрт» болгондугу тууралуу маалыматты четке кагышты.

«Электр станциялар» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева Kloop.kgге курган маегинде ЖЭБдеги өрт тууралуу маалыматты четке кагып, 17-мартта станциянын аймагында күйүп жаткан аралашманын агындысы болгонун билдирди. Айтымында, андан улам андагы жабдуулар менен жылуулук электр борборунун отсегинде өрт чыккан эмес.

Буга чейин айрым ЖМКлар Бишкектеги Жылуулук электр борборунун аймагында өрт болгондугун жазышкан.

«Жарылма бекиткичтин эскирүүсүнөн улам күйүп жаткан көмүр аралашмасынын агындысы болуп, андан эки жумушчу түрдүү даражадагы күйүктөр менен жабыркашты», — деди Айдаралиева Kloop.kgге курган маегинде.

Басма сөз катчынын айтымында, жабыркагандар ЖЭБдин борборлоштурулган оңдоо цехинин 45 жана 59 жаштагы жумушчулары болушкан.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жумушчулардын бири денесинен 90%, экинчиси 12% күйүк алган. Учурда алар шаардык төртүнчү ооруканада.

«Биз дайыма аларды карап жаткан дарыгерлер менен байланыштабыз жана жабыркагандарга керектүү жардамдарды көрсөтүп жатабыз. Азыр биз үчүн эң башкысы — алардын ден соолугу», — деп белгиледи Айдаралиева.

Бул факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, кырсыктын себептерин аныктоо үчүн териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул акыркы эки ай ичинде ЖЭБдеги экинчи кырсык. Февралдын башында анда шаар тургундарына жылуулук бериле турган түтүктөрдүн бири жарылган. Анда аварияны бир жарым сааттын ичинде таратпай токтотууга жетишишип, жыйынтыгында эч ким жабыркаган эмес.