Орусиядагы «Кыргызстан жаштарынын биримдигинин» төрагасы орусиялык оппозициянер Алексей Навальный мигранттарды «жаман көрсөтүүгө» аракет кылат деп эсептейт. Буга чейин биримдик Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун «чет элдик тыңчы» деп табылышын талап кылган кайрылууну колдогон.
«Кыргызстан жаштар биримдиги» орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын «улуттар жана диний аралык кастыкты козуткан-козутпагандыгын» текшерүү боюнча түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн өтүнүчүн оппозиционердин мигранттарга карата жасаган аракеттеринен улам колдогон. Бул тууралуу бирикменин төрагасы Чынгыз Кубатбек уулу Kloop.kgге курган маегинде билдирди.
«Навальный мырза балээнин бардыгын бизге шылтап, дайыма мигранттарды жаман көрсөтүүгө аракет кылат. Ал КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн виза режимин киргизүүгө чакырууда, ал биз тараптан коркунуч жаралып жатканын айтып, туура эмес статистикалык маалыматтарды келтирип жатат», — деди Кубатбек уулу.
Орусиялык оппозиционер КМШ өлкөлөрүнө виза режиминин киргизилишин колдойт. Ал өз демилгесин «келгендердин 90 пайызы — террорчулардын катарына тартылып жаткан жаш мусулмандар» экендиги менен түшүндүрүүдө.
«Бизге Орто Азиянын жашоочулары келүүлөрүн улантып жатышат. Тагыраагы, «келип жатышат» деген сөз анча туура келбейт. Анткени Орто Азия менен Закавказьенин жашоочулары немис, француз, швед же америкалыктардан айырмаланып бизге визасыз киришет. Билет сатып алып эле келе беришет», — деп жазган Алексей Навальный өз блогуна.
Кубатбек уулу оппозиция «өз демөөрчүлөрүнүн алдында упай топтоо үчүн адамдардын тобун бири-бирине тукурбашы» керек деп эсептейт.
«Айрым бир адамдардын кылган иштери үчүн дубалдарды, тосмолорду куруп, виза режимдерин киргизип, улам-улам мазасын ала берүүгө болбойт, адамдын көпчүлүктөн айырмаланган башка динине карап, баалуулуктарды алмаштыруу менен аны өз максаттарына пайдаланууга болбойт», — деп билдирди активист.
Ал кыргыз жаштары Орусиянын ички саясаты менен ички процесстерине «кийлигишпегендигин», а өлкөгө келген мекендештеринин көнүп кетүүсүнө жардам берүү менен алектене тургандыктарын кошумчалады.
«Эгер Навальныйдын саясаты жеке бизге тиешелүү болбогондо биз унчукпайт болчубуз, анткени ал Орусия Федерациясында жашап жаткан элдин иши болмок. Биз бүткүл орусиялык жаштар биримдигин дал ушул кайрылууда колдодук», — деди Кубатбек уулу.
«Чет элдик тыңчы» деп табуу
13-мартта «Бүткүл орусиялык жаштардын улуттар аралык биримдиги» оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондун «чет элдик тыңчы» деп табуу өтүнүчү менен Орусиянын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурасына кайрылган. Кайрылууга «Кыргызстан жаштар биримдиги» да кол койгон.
Жаштар бирикмелери Орусия чиновниктерине болгон кайрылуусунда Навальныйдын улуттар жана диний аралык кастыкты козуткан-козутпагандыгын да текшерүүнү өтүнүшкөн. Алардын пикирлеринде, ал «бузуку ишмердүүлүк» менен алектенет.
Эки күндөн кийин «Бүткүл Орусиялык жаштардын улуттар аралык биримдигинин» өкүлдөрү Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кеңсесинин алдына пикетке чыгышкан. Бирок оппозиционердин өзү пикетке карата шылдыңдоо реакциясын билдирип, өз блогуна демонстранттардын «эмнени каалашканын өзүлөрү түшүнбөгөндүктөрү» жазылган билдирүүсүн жарыялаган.
Коррупцияга каршы күрөшүү фонду
Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Орусиянын жогорку кызматтардагы чиновниктерине карата жүргүзгөн иликтөөлөрү менен белгилүү. Фонддун кызматкерлери ишендиришкендей, алар мамлекеттик кызматкерлердин деклорацияланбаган мүлктөрүн — виллаларын, чоң үйлөрүн жана компанияларын көрсөтүшөт.
Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун эң чуулгандуу иликтөөсү баш прокурор Юрий Чайканын үй-бүлөсүнө арналган. Иликтөөнүн авторлорунун пикирлеринде, анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыштуу ишмердүүлүктөр менен алектенишкен — рейдерлик басып алууларга барышып, криминал төбөлдөрү менен байланышта болушкан.
Башкы сүрөт: korrespondent.net