Парламент депутаттары онкологиялык оорулар менен ооругандарды дарылоо тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алышты. Эми рак илдетине чалдыккандар акы төлөп дарыланып калышат. Парламентарийлер бул онкологиялык оорулууларды дарылоодогу коррупцияны жоет деп эсептешүүдө.

«Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр депутаттар тарабынан үчүнчү окууда 17-мартта кабыл алынган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси «Ата Мекен» фракциясынан парламенттин V чакырылышынын депутаты болуп, бул чакырылышка өтпөй калган Ташболот Балтабаев болгон.

Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта өзгөртүүлөр калкты социалдык коргоо, формалсыз төлөмдөрдү системалаштыруу, аларды мыйзамдаштыруу жана саламаттыкты сактоо уюмдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү максатында кабыл алынганы жазылган.

Балтабаев жылына Улуттук онкология борборунда 7250 киши дарылануудан өтүп, орточо эсеп менен алардын ар бирине мамбюджеттен 2500 сом кетерин, бирок чынында толук кандуу дарыланууга 22500 талап кылына тургандыгын жазган.

«Жетишпеген сумма формалсыз төлөм катары бейтаптардан алына тургандыгы ачык көрүнүп турат. Бул төлөмдөрдүн алдын ала айтууга мүмкүн болбогон өлчөмгө чейин жетишине, алардын көзөмөлсүз пайдаланылышына, жыйынтыгында калктын нааразычылыгынын жаралышына алып келүүдө», — деп жазылган документте.

Улуттук онкология борборунун башкы дарыгери Бактыгүл Бекбоева ракты дарылоодо калктын алсыз катмары үчүн, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, аз камсыз болгондор жана балдар үчүн бекер жардам көрсөтүү кала тургандыгын айтты.

«Бейтаптар, дарыгерлер менен сүйлөшүүлөр болду, бардыгы майда-чүйдөсүнө чейин изилденди. Анан мына [акы төлөп дарыланууну киргизүү тууралуу] бирдиктүү чечимге келдик. Биз сүйлөшкөндөрдүн көбү — макул. Деталдуу түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө кандайдыр бир кескин нааразычылыктар болгон жок. Тескерисинче, алар макул болуп жатышты. Ооба, андан көрө белгилүү сумманы төлөгөн жакшы. Баары ачык. Алар эми өзүлөрү үчүн тийиштүү чечимдерди талап кылуу укугуна ээ», — деди ал.

Бекбоева 2000-жылы кабыл алынган мыйзам декларативдүү мүнөзгө ээ болгондугун кошумчалады.

«Ал [мыйзам] мамлекеттик кепилдикке ээ эмес болчу. Алар [бейтаптар] каржыланышчу эмес жана бардык төлөмдөр оорулуулардын мойнуна жүктөлчү», — деп белгиледи ал.

Дарыланууга кетчү төлөмдөрдүн бардыгын тең бейтаптар өзүнө алып келгендиктерин оорулуулардын туугандары да ырасташууда.

Тахмина Эрменова бир нече жыл мурда рактан улам тууганын жоготкон. Алар бир канча жыл катары менен химиотерапияга дарыларды өз алдынча сатып алып турушкан.

«Биз мамлекеттин жардамына үмүттөнгөн деле эмеспиз. Биз жөн гана акча издеп, өзүбүз дары сатып алып, ошондой эле химиотерапия курстарын өзүбүз төлөгөнбүз», — деди ал.

Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү тууралуу мыйзам 2000-жылдын 8-сентябрында кабыл алынган — ага ылайык, мамлекеттик медициналык жайларда рак менен ооруган бардык бейтаптарга акысыз жардам көрсөтүлүшү керек болчу.

Автор: Александра Титова