Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын жашоочусу Анаркул Мамбетова 15 жылдан бери төрт жашында майып болгон небереси Аргенди жалгыз багып келет.

Быйыл Арген 21ге толот. Ал сүйлөбөйт, баса албайт жана өз алдынча тамактана албайт. Төрт жашынан бери керебеттен турбайт.

Аргендин апасы 2000-жылы, уулу төрт жашка чыкканда каза болгон. Атасы болсо жаңы үй-бүлө куруп, баласын Анаркул апага калтырып кеткен.

Анаркул апа ошондон бери небересин жалгыз багып келет. Учурда 64 жашта, пенсиясы 3 миң сомду түзөт. Мурда саанчы болуп иштеген.

Анаркул апанын эки уулу бар, алардын улуусу — Аргендин атасы.

«Аргендин атасы — Алик жана кичүү уулум — Алмаз. Азыр улуу балам жаңы үй-бүлөсү менен жашайт. Кичүүсү Караколдо турат — ал дагы өз үй-бүлөөсү менен, кээ бирде бизге дары, азык-түлүп жөнөтүп жардам берип турат», — дейт Анаркул апа.

Анын айтымында, Аргендин апасы каза болор алдында уулун ооруканага алып барган, бирок диагнозун аныктоого мүмкүн болгон эмес. Андан бери аны дарылоого үй-бүлөнүн акчасы жок.

Аргендин чоң энеси небересине керебет жана кир жуугуч машина сатып берсем деп кыялданат.

«Бир күн ичинде көп эле кир жууйм, колум да ооруп баштады. Ага кир жуугуч машина менен керебет болсо жакшы болор эле», — дейт Мамбетова.

Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов ар бир жылдын башында Арген менен Анаркул апага документтерин жаңылап, пенсия алууга жардам бере турганын айтты. Небересине жөлөкпул алуу үчүн Мамбетовага райондук борборго барып, керектүү кагаздарга кол коюшу керек, дейт Албанов.

Анаркул апа анын кароосунда оорулуу небереси турганда жөлөкпул алууга керектүү документтерди топтоо үчүн айылдан чыга албай турганына даттанууда.

Видео: Адина Осмонова, Азамат Каработоев