Кыргыз-өзбек чек арасынын Жалал-Абад облусундагы талаштуу аймагында 35-40 чамалуу Өзбекстандын аскер кызматкерлери турушат. Андан сырткары өзбек тарап чек араны жаап, ал аймакка эки БТР аскер унаасын жана эки жүк унаасын коюшкан.

Өзбек аскер кызматкерлери менен аскердик техникасы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тактала элек аймагы эсептелген Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол аймагында турушат.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, 18-март күнү саат 7:40та Өзбекстандын аскер кызматкерлери ал жерге эки БТР жана эки КамАЗ коюшкан. Андан сырткары ал аймакта Өзбекстандын 35-40 чамалуу аскер кызматкерлери бар.

Өзбек тарап бир тараптуу негизде «Маданият-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетин толугу менен жапты. Кыргыз жарандарынын Өзбекстандан чыгуусуна уруксат берилген, а кирүүсүнө тыюу салынган. Кыргызстан жарандарды өткөрүүнүн ушундай эле тартибин киргизди.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы азырынча Өзбекстан эч кандай талап койбогондугун жана өз аракетин эч нерсе деп түшүндүрө электигин билдирди.

«Алар мындай кадамдарга бизге эч нерсе билдирбестен эле барып жатышат, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

«БТРлер ИИМге таандык эмес. Ал тууралуу эч нерсе билбейбиз, балким ушактыр», — деп айтышты Өзбекстандын ИИМинен.

Азырынча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей эле.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитетинен телефон аркылуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартышып, чек аранын жабылганынын себебин өткөрүү бекетиндеги чек арачылардын билсе болорун белгилешти.

«Биз бул маалыматты телефон аркылуу бербейбиз. Силер ошол өткөрмө бекетине барсаңар, себебин ошол жактан түшүндүрүп беришет. Алар түшүндүрүп берүүгө милдеттүү», — деп билдиришти мекемеден.

Чек арадагы жаңжалдар

Кыргыз-өзбек чек арасында жаңжалдар тез-тез болуп турат.

2015-жылдын июнунда Айдаркен чек ара бекетинин аймагында кыргыз жана өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын жыйынтыгында өзбек тараптын аскери жаракат алган.

Анда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы биринчи болуп кыргыздардын «мас» чек арачысы ок атканын билдирген. Кыргызстандын Чек ара кызматы ал айыптоону четке каккан — анын версиясы боюнча, жаңжалга өзбек тараптын мамлекеттик чек аранын аймагына «мыйзамсыз чек ара күзөтүн койгондугу»  себеп болгон.

2014-жылдын ноябрында өзбек чек арачылары аткезчиликке шектелген кыргызстандыкты атып салышкан. Андан үч күн мурда алар тараптан Кыргызстандын дагы бир жараны жарадар болгон — ал дагы аткезчилик ишмердүүлүккө шектелген.

Ошол эле жылдын августунда кыргыз чек арачылары аткезчилик жүк менен чек арадан өтүүгө аракет кылган өзбекстандыктардын тобун аткылашкан — жыйынтыгында алардын бирөөсүнө ок тийген.

Соавторлор: Адилет Макенов, Дмитрий Мотинов