Кыргыз чек арачылары Өзбекстанга жооп кылып эки аскер техникасын Жалал-Абад облусундагы кыргыз-өзбек чек арасынын талаштуу аймагына жайгаштырышты.

19-март күнү эртең менен Кыргызстан Өзбекстан менен болгон чек аранын Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Могол айылындагы бөлүгүнө эки БТР унаасын алып барып жайгаштырды. Чек ара кызматы мындай кадамга өзбек аскерлеринин чек аранын талаштуу бөлүгүн тосуп алгандыгына жооп катары барган. 18-мартта Өзбекстан эч кандай себептерин түшүндүрбөстөн эле ал аймакка аскерлери менен аскер техникаларын жайгаштырып алган.

Кыргызстандын чек ара аскерлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Сажыра Чоколоева аскер техникасы коргоо үчүн коюлганын жана алар Өзбекстан өз техникасын алып кеткенден кийин алынарын билдирди.

«Жөн гана мамлекеттик чек араны коргоо үчүн жайгаштырдык. Аларда [Өзбекстанда] деле коюлуп турат», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Өзбекстан 18-март күнү эртең менен «Маданият-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пунктун бир тараптуу жаап, чек арага эки БТР унаасын, эки «КамАз» жана 35-40 чамалуу аскерин жайгаштырган.

Андан соң Өзбекстан калган өткөрмө пункттардын дээрлик бардыгын жапкан. Өз кезегинде Кыргызстан да ошондой эле кадамдарга барган.

Учурда кыргыздардын «Кызыл-Кыя-автодорожный» деген бир гана өткөрмө пункту иштеп жатат, ал Өзбекстандын аймагына өзбек анклавдарынын жашоочуларын өткөрүп жатат.

Чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн эл аралык өткөрмө пункттар штаттык режимде эле иштеп жатат.

Өзбекстандын «Nuz.uz» интернет-басылмасы өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитетине шилтеме жасоо менен чек ара Ноорузга байланыштуу жабылганын жазды.

Басылма ошондой эле Өзбекстан бул тууралуу кыргыз чек арачыларына алдын ала эскерткендигин жазган.

«Бардык аскердик техникалар Өзбекстандын аймагында турат, а мамлекеттик чек ара аймактарын кайтаруу такталбаган тилкелерге кирбестен эки тараптуу макулдашууларга ылайык жүргүзүлүүдө», — деп жазган басылма Чек ара комитетинин билдирүүсүн.

Бирок кыргыз чек арачылары бул маалыматты ырасташкан жок. Чоколоева өзбек тарап чек аранын жабылышынын расмий себептерин дагы деле айта электигин билдирди.

«Расмий түрдө өзбек тарап эч нерсе деп билдире элек. Чек ара отряддарынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр болду. Алар жогорудан берилген буйрукту аткаргандыктарын айтышты», — деди ал.

Кыргызстандын Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматынын өкүлү өзбек чек арачылары кимдин буйругун аткаргандыктарын так айтпагандыктан ал тууралуу маалыматка ээ эмес экенин кошумчалады.