Дубайдан келе жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing-738-800 учагы Ростов-на-Дону аба майданына экинчи жолу конуу аракетин көргөн маалда толугу менен кыйрады. Учактагы 56 жүргүнчү, алардын ичинде төрт кичинекей бала жана алты экипаж мүчөсү каза болушту.  

«Боинг» 19-мартка караган түнү кырсыкка учураган. Болжолдуу версия боюнча, учактын кыйрашына аба ырайы себеп болгон: Дубайдан келе жаткан учак аба ырайынын начардыгынан улам экинчи жолу айланып келип конуу маалында кыйраган. Ал конуп жатып арткы бөлүгү менен жерге тийип, андан соң жарылып кеткен.

Ростов облусунун губернаторунун басма сөз катчысы Ирина Четвертакованын маалыматы боюнча, учакта 18 эркек киши, 33 аял жана 4 кичинекей бала болгон. Каза болгондордун көбү эс алуудан келе жатышкан.

Орусиянын Дубайдагы башкы консулдугунун дипломаты «Интерфакс» агенттигине жүргүнчүлөрдүн арасында орусиялыктардан сырткары Украинанын үч, Өзбекстандын бир жана Индиянын бир жараны болгондугун билдирген. Экипаж мүчөлөрүнүн бардыгы тең чет өлкөлүктөр болушкан.

ӨКМ тарабынан жарыяланган каза болгондордун тизмесине ылайык, экипаж курамында Кыргызстандын жараны болгон — 27 жаштагы борт коштоочу Жылдыз Насиридинова.

Сүрөт: Жылдыз Насирдинованын соцтүйүндөгү сүрөтү
Сүрөт: Жылдыз Насирдинованын соцтүйүндөгү сүрөтү

Орусиянын Тергөө комитети учактын кыйрашы фактысы боюнча «Этиятсыздыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген аба транспортун пайдалануу жана жүрүүдөгү коопсуздук эрежелерин бузуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Тергөөчүлөр теракт ыктымалдыгы версиясын караштырышпай эле — алардын пикиринде, учактын кыйрашына катаал аба ырайынан сырткары учкучтун катасы же жабдуулардын бузулушу себеп болгон болушу мүмкүн.

2015-жылдын ноябрында «Когалымавиа» авиакомпаниясынын Шарм-эль-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп бара жаткан Airbus A321 учагы Египеттин Синай жарым аралында кыйроого учураган. Учакта 217 жүргүнчү жана жети экипаж мүчөсү бар болгон, анда алардын баары тең каза болушкан.