Белгисиз адам Стамбулдун эң белгилүү туристтик көчөлөрүнүн биринде өзүн жардырды. Жыйынтыгында беш киши, анын ичинде террорчунун өзү каза болуп, дагы 36 киши оор абалда ооруканга жеткирилди.

Жарылуу Стамбулдун туристтик аймагы эсептелген жөө адамдар жүрчү Истиклал көчөсүндө 19-март күнү күндүзгү саат 12лер чамасында болду. Шаардын губернатору Васип Шахин теркт өзү менен кошо дагы төрт кишини жардырган жанкечти тарабынан жасалганын ырастады.

Дагы 36 киши түрдүү жарааттары менен Стамбулдун ооруканасына жеткирилишти. Жабыркагандардын арасында жети чет өлкөлүк бар, деп билдирди «Коммерсант» Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме жасап.

Шахиндин айтымында, жанкечти аны чочутуп жиберишкенден кийин өзүн жардырган. Алгач ал терактты адам көбүрөөк жүргөн жерде жасоону пландаган.

Азырынча бул жардырууга террорчул жана радикал топтордун бири дагы жоопкерчилик алыша элек.

Бул жыл башынан бери Түркияда болгон 11чи террорчул чабуул. 13-мартта Анкарада мина коюлган автоунаа жарылып, ал 34 кишинин өмүрүн алып кеткен. Анда дагы 125 киши ооруканага жеткирилген.